Коронавирус жуктуруп алган 9 дарыгер кайсы аймактарда экени айтылды

© Sputnik / Виталий Белоусов / Медиабанкка өтүүБольница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус
Больница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстанда 144 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Алардын арасында медиктер дагы бар. Бейтаптардын алтоо айыгып чыккан.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Бүгүн, 4-апрелде, Саламаттык сактоо министрлиги Кыргызстандын аймагында коронавирус жуктуруп алган дарыгерлердин саны тогузга жеткенин кабарлады.

Маалыматка караганда, алардын жетөө Жалал-Абад облусунда, бирөө Бишкек, дагы бирөө Ош шаарында эмгектенет.

"Тилекке каршы, коронавирус жуктуруп алгандардын арасында медицина кызматкерлери да бар. Кечээ алар 8 болчу, бүгүн дагы бирөө кошулуп, тогузга жетти. Алардын баары коронавирус алып жүрүүчүлөр", - деп министрликтен кабарлашкан.

Коронавирус кесепети

Филатовская больница готова принимать пациентов с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жасалма дем алып жатат. Реанимацияда жаткандардын абалы айтылды
Кыргызстанда 144 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүзү дагы ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0