Кыргызстанда коронавирус жуктурган 144 учур катталды. Алар кайсы аймактарда?

© Sputnik / Табылды КадырбековВременные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса
Временные ограничения на въезд в Бишкек из-за коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 Кыргызстандын дээрлик бардык облустарынан табылды. Учурда бир гана Талас дубанында ооруну жугузгандар жок.

БИШКЕК, 4-апр. – Sputnik. Коронавируска чалдыккан адамдардын эң көбү учурда Жалал-Абад облусунда (67 киши) болууда. Бул тууралуу Республикалык штабдын маалыматында айтылат.

Бүгүн, 4-апрелге карата, COVID-19га чалдыккандардын саны 144 кишиге жетти.

Алардын кайсы аймакта экендигин төмөнкү тизмеден көрүүгө болот:

  • Бишкек шаарында – 15 киши
  • Ош шаарында – 12 киши
  • Ош облусунда – 35 киши
  • Баткен облусунда – 3 киши
  • Жалал-Абад облусунда – 67 киши
  • Чуй облусунда – 6 киши
  • Ысык-Көл облусунда – 2 киши
  • Нарын облусунда – 4 киши

COVID-19 Кыргызстандын дээрлик бардык облустарынан табылды. Учурда бир гана Талас дубанында ооруну жугузгандар жок.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 144 адам коронавирус жуктурганы аныкталды. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду.

Больница в Коммунарке для пациентов с подозрением на коронавирус  - Sputnik Кыргызстан
Коронавирус жуктуруп алган 9 дарыгер кайсы аймактарда экени айтылды
Андан сырткары, 9 медицина кызматкеринин COVID-19 жуктуруп алганы маалым болду.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0