Карантин башталгандан бери Бишкекте уурулук кескин азайды

© Sputnik / Алексей Филиппов / Медиабанкка өтүүРабота вневедомственной охраны ГУ МВД России
Работа вневедомственной охраны ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бишкек шаарына 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал жарыяланып, коменданттык саат режими киргизилген.

БИШКЕК, 4-апр. — Sputnik. Бишкек шаарына өзгөчө абал режими киргизилгенден кийин калаада кылмыштуулук жана уурулуктун саны кескин азайды. Бул тууралуу комендант Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Белгилей кетсек, Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилген. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

"Криминалдык кырдаалды талдоо көрсөткөндөй, өзгөчө абал учурунда Бишкекте жасалган кылмыштар азайды. Мисалы, уурулук кескин түрдө кыскарды. Оор кылмыштар жана коомдук жайларда жасалган кылмыштар жокко эсе десек болот", — деди Орозалиев.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда 144 адам (77 аял, 67 эркек) коронавирус жуктурганы аныкталды. Анын ичинен алтоо айыгып чыккан. Тилекке каршы, вируска кабылган Ноокат районунун 61 жаштагы тургуну 2-апрелде көз жумду. Бул өлкө ичинде катталган алгачкы учур.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0