Балта менен коркутуп аялыма арак алдырайын дегем... Марттагы соттук өкүмдөр

© Sputnik / Константин Чалабов / Медиабанкка өтүүБалта. Архив
Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Узап кеткен айдын акыркы жумасында өлкө аймагындагы бир катар соттор өз ишмердүүлүгүн убактылуу токтотту. Бирок алар өткөн айда бир топ чуулуу иштерди карап чыгып, айыпкерлерди жоопкерчиликке тарткан.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги фемида өкүлдөрүнүн март айында чыгарган айрым өкүмдөрүн сунуштайт.

Өзбекстанга качкан кылмышкер

Абакатыг адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
Өлүм жазасынан буйтап кеткен. Нарында бычакталган "Лимонти" деген ким эле
Айыпталуучу буга чейин жасаган кылмышынын негизинде түрмөдө жазасын өтөп жүрүп, 2010-жылы ал жактан качып чыгып Өзбекстанга кетип калган. Бул боюнча кылмыш иши козголуп, издөө иштери натыйжа бербей, тергөө убактылуу токтотулган. Бирок он жылдан кийин, 2020-жылы, милиция кызматкерлеринин колуна түшүп сот жоопкерчилигине тартылган. Фемида өкүлдөрү мурда бир нече жолу соттолгон эркекти эки жарым жылга темир тор артында калтырды.

Койнундагы аялына кол салган мыкаачы

52 жаштагы эркек көптөн бери чогуу жашап келген 43 жаштагы жубайын түндө балта менен башка койгулап өлтүргөн. Каргаша Чүй облусундагы айылдардын биринде болгон.

Сот отурумунда айыпталуучу кылганын толугу менен мойнуна алган.

"Аялымдын көзүн тазалайын деп базардан атайын балта сатып келип, аны сарайга катып койгом. Эки жылдан бери башымды оорутту, телевизор көрсөм өчүрүп жиниме тие берчү. Окуя болгон күнү сыналгы көрүп атайын уктабай отургам. Түндө балам менен келинчегимдин укташын күтүп, таңкы саат 4төр чамасында төшөктө жатканда башка үч-төрт жолу балта менен чаап жибергем. Эртең менен балам ойгонгондо кошунаныкына таштап кеткем. Кылган кылмышыма эч өкүнбөйм, мен аны мурун эле өлтүрөйүн деп жүргөм", — деп көрсөтмө берген ал.

Соттук-медициналык экспертиза келиндин мээси менен баш сөөгү катуу жабыркап каза болгондугун аныктаган. Мыкаачы эркек 14 жылга кесилип кетти.

КР жаранына айланган тажикстандык чекист

Работа вневедомственной охраны ГУ МВД России - Sputnik Кыргызстан
Карантин башталгандан бери Бишкекте уурулук кескин азайды
Тажикстандын 56 жаштагы жараны Кыргызстанга келип жумушка орношуп, Ысык-Көл облусунда жашай баштаган. Ал коңшу өлкөнүн жараны болуп туруп, жергиликтүү мамлекеттик органдарга союз учурундагы паспортун көргөзүп, алдап КРдин паспортун, айдоочулук күбөлүгүн алып, унаасы менен жүргүнчүлөрдү ташып иштеген. Тажикстандын улуттук коопсуздук комитетинин мурдагы кызматкеринин үйүн укук коргоо кызматкерлери тинтүүгө алып, чет элдик документтерди таап чыккан. Сот ишти карап чыгып айыпталуучуну сегиз жылга эркинен ажыратып, жаза мөөнөтү аяктагандан кийин аны өлкө аймагынан чыгарып салуу чечимин кабыл алды.

Арак үчүн аялын өлтүрүүгө аракет кылган

Айыпталуучу таң эрте төшөктө уктап жаткан келинчегин бетке, башка балта менен бир нече жолу урган. Ызы-чуу, ачуу кыйкырыктан ойгонгон он жаштагы небереси чоң атасынын колунан балтаны алып ыргытып жиберген. Ал эми кожойке кошунасынын автоунаасы менен тез арада ооруканага жеткирилип аман калган.

Сот отурумунда мурда эркинен ажыратылган эркек кылганын жарым-жартылай мойнуна алып, жеңил жаза берүүсүн суранган.

Айлдагы таш забордун жанында турган киши. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көл: өспүрүмдү зордуктамак болгон кишини эл ташка алып өлтүрүп кое жаздады
"Ал күнү аялыма арак алып бер деп чатак салгам. Кээде мас болгондо эмне кылып жатканымды билбей калам. Мен аялымды балта менен коркутсам, арак сатып келет деп ойлогом. Бирок колуман ал балта түшүп кетип бетине тийген. Жубайымды өлтүрүү оюмда жок болчу. Мага жеңил жаза берүүңүздү суранам", — деп айткан ал.

Ал эми жабырлануучу жолдошунун эки айдан бери арак ичпей тура албай калгандыгын жана ага доосу жок экендигин айткан.

Үй ээси 11 жыл үч айга эркинен ажыратылды.

Беш адамдын өмүрүн алган кырсык

Мас аял жолдошунун автоунаасы менен Ысык-Көлгө баратып, жолдун каршы тилкесинде келе жаткан жеңил унааны сүзгөн. Кырсык болгон жерден төрт адам жана бир ымыркай көз жумган. Ал эми жолтанбасты башкарган аял аман калган. Сот келинди тогуз жылга кесип, 90 миң сом айып салып, үч жыл бою автоунаа айдоого тыюу салды.

Жаңылыктар түрмөгү
0