Москва: оорукананын курулушунда өрт чыгып, кыргызстандык көз жумганы айтылууда

© Sputnik / Илья Питалев / Медиабанкка өтүүРоссиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив
Россиянын өрт өчүрүү кызматкерлери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Москванын жака белиндеги медициналык жайдын курулушуна сегиз миңге чукул жумушчу тартылган. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн барган мигранттар.

БИШКЕК, 5-апр. — Sputnik. Москва шаарынын Бабенки айылында коронавируска чалдыккандарга арналып курулуп жаткан инфекциялык оорукана күйүп кетти. Бул туурасында "Вечерняя Москва" агенттиги Россиянын ӨКМинин Москвадагы башкармалыгына шилтеме берип жазды.

Агенттиктин маалыматы боюнча, өрт жекшембиге караган түнү болгон. Курулуш аянтчасындагы бир нече чатыр күйүп кеткен.

"Тилсиз жоо 90 чарчы метр жерди жалмаган. Өрттү 9 саат 10 мүнөттөн кийин өчүрүүгө мүмкүн болгон. Тилекке каршы, окуядан бир адам каза болду", — деп билдирген мекеме.

Айрым россиялык ЖМКлардын маалыматы боюнча, оорукананын курулушуна алты миңден сегиз миңге чейин жумушчу тартылган. Алардын көбү КМШ өлкөлөрүнөн барган мигранттар. Ошондой эле ал жакта эки миңдей кыргызстандык эмгектенет.

Россиядагы мейманкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Чек арадан өтө албай калган мекендештер Оренбургдагы мейманканага жайгаштырылды
Маалыматтарга ылайык, каза болгон адам Кыргызстандын жараны болуп саналат. КРдин Россиядагы элчилиги кырсыктан кабардар экенин билдирип, окуя болгон жерге мекеменин өкүлдөрү чыгып кеткенин айтты.

Өрт болгон жерде Тез жардам кызматы иштеп, кырсыктын себеби такталып жатканы маалымдалды.

Бул курулуп жаткан ооруканадан чыккан экинчи өрт. Биринчи кырсык 1-апрелде катталып, кыргызстандыктар жашаган чатырлар күйүп кеткен.

Оорукана 12-мартта коронавирус тарап жаткандыгына байланыштуу салынып баштаган. Аянты 43 гектар болгон медициналык жайдын аймагына бир нече блок курулат. Москванын мэри Сергей Собянин курулуш бир айдын ичинде бүтөрүн убадалаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0