Көлдө тоодон эркек кишинин сөөгү табылды. Ал эки адамдын өлүмүнө шектелгени айтылууда

Жазылуу
Смирнов "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен дагы бир кызматкерин өлтүрүүгө шектелип келген.

КАРАКОЛ, 5-апр. — Sputnik. Кечээ Ысык-Көл облусунун тоолорунан эркек кишинин сөөгү табылып, ал "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин мурунку күзөтчүсү Сергей Смирнов болушу мүмкүн экенин күч структураларындагы ишенимдүү булак билдирди.

Ысык-көл. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жети-Өгүздө 10 күндөн бери изделип жаткан 17 жаштагы баланын сөөгү табылды
Маалыматта сөөктү жергиликтүү чабандар таап, укук коргоо органдарына кабарлашкан. Тартип сакчыларынын божомолунда маркум өз өмүрүнө кол салган.

Белгилей кетсек, Смирнов "Хан-Теңири" аңчылык лагеринин жетекчисинин орун басары менен дагы бир кызматкерин өлтүрүүгө шектелип келген. Окуя болгондон кийин ошол жердеги бир аялды барымтага алып, андан кийин аны кое берген да, Түп айылындагы тоолордо жашырынып жүргөн.

Жаңылыктар түрмөгү
0