Дело жазуусу менен папка столдун үстүндө. Архив

Нарын: үй-бүлөсү менен дарылануудан баш тарткан дааватчыга иш козголду

2442
(жаңыланган 17:04 08.04.2020)
Нарын шаарынын тургуну былтыр ноябрь айында Пакистанга дааватка кетип, кайра ушул жылдын 15-мартында Кыргызстанга келгенде андан коронавирус аныкталган.

БИШКЕК, 8-апр. — Sputnik. Нарында үй-бүлөсү менен коронавирустан дарылануудан баш тартып жаткан кишиге карата кылмыш иши козголду. Бул туурасында Нарын ШИИББдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, интернет булактарында Нарын шаарынын О.М. аттуу тургуну коронавируска чалдыкпаганы үчүн дарылануудан баш тартып жатканы тартылган видео тараган. Ал үй-бүлө мүчөлөрү дары-дармек ичкендигинен ден соолуктары начарлап жаткандыгын да кошумчалаган.

Буга байланыштуу 2-апрель күнү Нарын райондук ооруларды алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору шаардык милицияга кайрылган.

Натыйжада О.М. аттуу жаран былтыр, ноябрь айында Пакистанга дааватка кетип, кайра ушул жылдын 15-мартында Лахор — Ташкент, Ташкент — Бишкек каттамы аркылуу Кыргызстанга келгенде андан коронавирус аныкталганы белгилүү болгон.

"Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борбору ага карата коюлган чектөөлөрдү бузгандыгы үчүн мыйзам чегинде чара көрүшүн өтүнгөн. Анткени аны менен байланышта болуп  дарылынып жаткан Нарын шаарынын үч тургунунда 30-мартта коронавирустун белгилери аныкталган", — деп айтылат маалыматта.

Учурда ага карата 280-берене ("Санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузуу") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталган. О.М. изоляцияда болгондугуна байланыштуу түз тергөө ал сакайгандан кийин жүргүзүлмөй болду. Азыркы учурда тиешелүү жерлерге суроо каттар жиберилип, ыкчам тергөө амалдары жүргүзүлүүдө.

Белгилей кетсек, жалпысынан Нарын облусунда коронавируска чалдыккандардын саны 10го жетти.

Коронавирустун кесепети

Бир суткада Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус аныкталды. Ушуну менен өлкөдө COVID-19 жуктургандардын саны 270ке жетти. Анын ичинен 35и айыгып, тилекке каршы, төрт адам каза болуп калды. Ошондой эле 32 медик дагы коронавируска чалдыкканы маалым.

Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарлары менен Сузак, Кара-Суу, Ноокат райондоруна 25-марттан 15-апрелге чейин өзгөчө абал киргизилди. Бул аймактарда саат 20:00дөн 7.00гө чейин көчөгө чыгууга тыюу салынган. Күндүз ооруканага, дарыканага жана дүкөнгө гана барууга уруксат берилген.

Ушу тапта өлкө ичинде абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

2442
Белгилер:
кылмыш иши, баш тартуу, даават, коронавирус, Нарын
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар (1324)
Тема боюнча
Өзгөчө абал учурунда иштеген милиционерлер дагы кошумча айлык алат
Ош коменданты медиктен башка адамдарды кеңеш айтпай, өз ишин кылууга чакырды
Коронавирус: өлкөдө 1097 киши обсервацияда жатат
Кыргызстандын Россиядагы элчилигин имараты. Архив

Элчилик: компания көпүрө урап жабыркаган КР жарандарынын бүт чыгымын төлөйт

52
(жаңыланган 18:49 28.09.2020)
Кырсык маалында жумушта болгон 160 кыргызстандыктын 51и жабыркаган. Учурда 29 мекендеш ооруканада жатат.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Москва облусунда жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, жаракат алган кыргызстандыктарга компенсация төлөнөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Россиядагы элчилиги билдирди.

Маалыматта элчиликтин кызматкерлери ФМ LOGISTIC ишканасынын жетекчилери менен жолугуп, мекендештерге материалдык колдоо боюнча макулдашылганы айтылат.

51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык маалында 160 кыргызстандык жумушта болгон, анын 51и жабыркаган. Бүгүн айрымдары үйүнө чыгып, учурда 29 мекендеш ооруканада жатат. Тилекке каршы, бешөөнүн абалы оор, алардын бири 16 жаштагы өспүрүм.

"Кырсыктан жабыркаган бардык КР жарандарына камсыздандыруу компаниясы медициналык чыгымдарын жана реабилитацияга кеткен каражатты төлөйт. Кырсык болгон күнү жумушка чыккан 160 мекендешке ФМ LOGISTIC компаниясы 50 миң рублден кенемте берет. Ошондой эле оор абалдагылардын жакындары келем десе учакка билет алып берүүгө даяр. Бардык макулдашуулар компаниянын кепилдик катына жазып алынды. Элчилик кыргызстандыктардын укугун коргоо багытындагы иштерди мындан ары да улантат", — деп айтылат билдирүүдө.

Эске салсак, 27-сентябрь күнү Москва облусунун Ступино шаарындагы FM LOGISTIC логистикалык ишканасында (кампа комплекси) жөө адамдар өтүүчү көпүрө урап, кыргыз жарандары жабыркаган. Каза болгондор катталган эмес.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн кызматкерлери бейтаптардан кабар алып, тийиштүү иш-чараларды жүргүзүүдө. Элчилик Россиянын Тергөө комитетине, Башкы прокуратурасына жана Ички иштер министрлигине күнөөлүүлөрдү аныктап, жоопко тартууну сурап атайын каттарды жибергени кабарланды. Бул маселени кыргыз өкмөтү жеке көзөмөлүнө алды.

52
Тема боюнча
Акыйкатчы кырсыктаган кыргызстандыктар боюнча россиялык кесиптешине кат жазды
Россияда кыргызстандыктар жабыркаган кырсыктын болжолдуу себеби айтылды
Ооруканадагы дарыгер. Архив

Кызы менен чогуу бычакталган киши реанимациядан палатага которулду

147
(жаңыланган 16:22 28.09.2020)
Түн ортосунда үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. Бишкекке жакын жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылында үйгө кирген уурулардан бычак жеген 62 жаштагы киши жандандыруу бөлүмүнөн травматология бөлүмүнө которулду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Эске салсак, 26-сентябрда 02:50лөр чамасында аталган айылдагы үйгө бет капчан белгисиз эки киши кирген. Алар 62 жаштагы Т.Ж. аттуу киши менен анын 26 жаштагы Т.А. аттуу кызын бычактап, андан соң качып кетишкен. Кыз алган жаракатынан каза болгон.

Милиция үлпөт тоюнда тапанчадан ок чыгарган күйөө баланы Кара-Балтадан тапты

"Бейтап жандандыруу бөлүмүнөн палатага которулду. Абалы салыштырмалуу канааттандырарлык. Бычак тийген кан тамырлары тигилди. Дарылануусун улантууда", — деп айтылат билдирүүдө.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин негизинде 130-берене ("Киши өлтүрүү") менен кылмыш иши козголгон.

147
Белгилер:
абал, оорукана, жаракат, өлүм, каракчылык, Чүй облусу
Тема боюнча
Милиция: таңда үйгө кирген каракчылар атасын бычактап, кызын өлтүрүп кетишти
51 кыргызстандык жабыркаган Москвадагы кырсык боюнча кылмыш иши козголду
COVID-19га каршы россиялык Спутник V вакцинасы. Архив

Россиялык вакцинанын алгачкылары Беларуска келе баштады

0
(жаңыланган 21:14 28.09.2020)
Клиникалык изилдөөлөр Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Эмдөө 1-октябрда башталмакчы.

БИШКЕК, 28-сен. — Sputnik. COVID-19га каршы россиялык "Спутник V" вакцинасынын биринчи партиясы Беларуска алып келинди. Бул тууралуу Түз инвестициялар боюнча россиялык фонд билдирди.

Фонд бул азырынча дүйнө боюнча катталган бирден бир вакцина экендигин айтты. Аны клиникалык изилдөө жасоо үчүн Россиянын жер-жерлерине жеткиришкен, эми бул процедураларга Беларусь кошулду. Ал препаратты алган биринчи чет мамлекет болуп калды.

Клиникалык изилдөөлөрдүн Беларустун сегиз медициналык мекемесинде жасала тургандыгы айтылды. Ыктыярчыларды эмдөө 1-октябрда башталмакчы. Фонд 100 киши катышкан Беларустагы клиникалык изилдөөнү каржылап бермекчи.

Путин менен жолуккан Жээнбеков: россиялык вакцина КРге жетет деп үмүттөнөм

Фонддон мындай иш-чараны Бразилия, Индия, Сауд Аравиясы, Египет жана Бириккен Араб Эмирлигинде жүргүзүү пландалып жаткандыгын айтышты.

Вакцина суроо-талап жаралып, КМШнын, Европаны, Азияны, Жакынкы Чыгышты жана Латын Америкасын кошкондо, 50 мамлекеттен арыз түшкөн.

Буга чейин аталган фонд макулдашуунун негизинде өнөктөштөр менен сүйлөшүү жүргүзүлүп, Мексикага 32 миң доза, Бразилияга 50 миллион, Индияга 100 миллион, Өзбекстанга 35 миллион доза берилерин айткан эле.

0
Белгилер:
Россия, вакцина, Беларусь
Тема:
Дүйнөгө жайылган коронавирус
Тема боюнча
COVID-19га каршы россиялык вакцина КМШга берилет