Кыргызстанда дагы 10 адам COVID-19 жуктурган, арасында эки медик бар

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUWСитуация в Нидерландах в связи с коронавирусом
Ситуация в Нидерландах в связи с коронавирусом  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустан улам Кыргызстандын Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында жана Кара-Суу, Ноокат, Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 10 кишиден коронавирус аныкталды. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Мадемин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, вирус жуктурганы аныкталгандардын арасында эки медицина кызматкери бар.

"Бишкекте бир кишиден, Ноокатта бир, Ош шаарында үч, Сузакта төрт, Аксы районунда бир кишиден коронавирус чыкты. Бейтаптардын үчөө аял, жетөө эркек киши", — деди Каратаев.

Ушуну менен Кыргызстандагы жалпы бейтаптардын саны 280ге жетти. Анын 147и аял, 133 эркек. Арасында 34 медик аталган дарт менен алпурушууда. 

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0