Ошто ажы тойго барып кесиптештерине COVID-19 жуктурду деген медик үн катты

© AFP / JOHN MOOREСитуация в США в связи с распространением коронавируса
Ситуация в США в связи с распространением коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда "Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери коронавирусту Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген кошунасынан жуктуруп алганы белгилүү болду" деп айткан.

БИШКЕК, 9-апр. — Sputnik. Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери Тамила Нуркамилова умрадан келген кишинин үйүнө ажы тойго барбагандыгын айтып, кат жазган. Анын катын Facebook соцтармагына Акбалык Жумалиева аттуу колдонуучу жарыялады.

Эске салсак, кечээ биринчи вице-премьер Кубатбек Боронов брифинг учурунда "Ош шаардык балдардын жугуштуу илдеттер ооруканасынын дарыгери коронавирусту Сауд Аравияга кичи ажылыкка барып келген кошунасынан жуктуруп алганы белгилүү болду" деп билдирген. Бирок анын аты-жөнүн ачыктаган эмес.

Бороновдун айтымында, медиктер вирусту бейтаптар менен байланышта болгондуктан эмес, умрага барып келген кошунасынын чайын ичкен кесиптешинен жугузган.

Бирок биринчи вице-премьердин бул билдирүүсүн коронавирустан дарыланып жаткан дарыгер төгүндөп, ажы тойго барбаганын, жанындагы кесиптештеринин дене табы андан мурда эле көтөрүлө баштаганын жазган.

"3-апрель күнү коронавирус диагнозу менен Ош облустук клиникалык ооруканасына оор абалда түштүм. Кудайга шүгүр, дарыгерлердин жардамы менен дурусмун. "Дарыгер ажыдан келгендердин үйүнө барып чай ичип, ооруп калып, башка медицина кызматкерлерине жугузду" деген бүгүнкү маалымат мени нес абалга калтырды. Бул куру доомат, жалган жалаа. Эч кандай ажы тойго барган эмесмин, менден 3-4 күн мурда бөлүмдөгү дарыгерибиз Сайра Шакирова, андан кийин 28-мартта 1-жугуштуу оорулар бөлүмүнүн дарыгери Зарина Раимкулованын дене табы 38 градус болгон. Баарыбыз бир маршруткада жумушка барып-келип жатканбыз. 30-март күнү түндөсү менин температурам 37.1 градуска чыгып, ошол боюнча жумушка барган эмесмин", — деп жазган ал.

Дарыгер үч күндөн бери плазма алып, кислороддо жатканын да кошумчалаган.

Ситуация в Бельгии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Кызыбызды сагындык... COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлердин үй-бүлөсүнүн баяны
"Мен 1987-жылдан бери дарыгер болуп иштейм. Дарегиме айтылган жалган маалыматтан, курулай жалаадан кутулууга жардам бериңиздер. Абалым дагы деле оор, кислороддомун. Ушунча жыл медицинада иштеп, жөн жерден куру дооматка калдым", — деп жазган Нуркамилова.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалымат кызматы бул окуяны териштирип, иликтөө үчүн Ош облусуна атайын адистердин тобу жөнөп кеткенин айтты.

"Акыркы жыйынтыкты атайын комиссия чыгарат. Ар бир медицина кызматкеринин коронавирусту кантип жуктуруп алганына иликтөө жүргүзүлүп, тийиштүү баа берилет", — деп айтылат маалыматта.

Вручение средств индивидуальной защиты медперсоналу в Оше - Sputnik Кыргызстан
COVID-19: медиктер кошумча айлык акысын ала баштады
Саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов кесиптештерине кайрылып, дарыгерлер жөнөкөй бейтаптарга караганда сезимтал келерин белгиледи.  Ал медиктерди ызы-чууга алдырбай, дарылануу боюнча дарыгерлердин айтканын аткарууга чакырды.

Эске салсак, өлкөдө коронавирус жуктуруп алган медиктердин саны 34кө жетти. Кыргызстандагы бейтаптардын саны ушу тапта 280ди түзөт.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Ошондой эле кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга да баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0