Түндө коменданттык саатты 85 киши бузду, анын көбү Бишкекте

© Sputnik / Тимур Батыршин / Медиабанкка өтүүИИМдин кызматкери блокпостто турган учурда. Архив
ИИМдин кызматкери блокпостто турган учурда. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
11-апрелге караган түнү коменданттык сааттын талаптарын Бишкекте 57 адам бузса, Ноокат районунда бир да адам катталган эмес.

БИШКЕК, 11-апр. — Sputnik. Түндө Кыргызстандын өзгөчө абал киргизилген аймактарында коменданттык саат режимин 85 адам бузуп, 10 автоунаа айып короого токтотулган. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматынан кабарлашты.

Коменданттык сааттын эрежеси боюнча Бишкек, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу жана Сузак райондорунда кечки 8.00дөн эртең мененки саат 7.00гө чейин көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

10-апрель күнү кечинде жана 11-апрелге караган түнү коменданттык сааттын талаптарын бузгандар төмөнкү жерлерде катталды:

  • Бишкек шаарында — 57;
  • Ош шаарында — 7;
  • Жалал-Абад шаарында — 14;
  • Сузак районунда — 4;
  • Кара-Суу районунда — 3.

Ноокатта коменданттык сааттын эрежесин эч ким бузган эмес.

Кармалгандар ички иштер органдарынын аймактык бөлүмүнө жеткирилип, эреже, тартиптерди сактоо боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Коменданттык саат аяктаган соң үйлөрүнө коё берилген.

ИИМ кызматкерлери жумуш учурунда. Архив - Sputnik Кыргызстан
ИИМ: Бишкекте коменданттык саат учурунда 4 мас милиционер кармалды
Жалпысынан Кыргызстанга өзгөчө абал киргизилгенден, тагыраагы, 25-марттан тарта коменданттык саат эрежесин бузган 2327 адам кармалган.

Эске салсак, 11-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алган 41 жаңы учур катталды. Аны менен өлкөдө бейтаптардын саны 339га жетти. Инфекцияны жуктурган медиктердин жалпы саны 51 болду.

Кыргызстанда ушу тапта абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзүп жаткан тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Мындан тышкары, кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0