Чачырап кетиптир! Бишкектеги унаалардын кагышкандан кийинки видеосу

CC BY 2.0 / Erik Starck / Driving a carКиши унааны айдап жатат. Архив
Киши унааны айдап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык болгон жерден Тез жардам кызматынын бригадасы төрт кишини алып кеткен. Бир адамдын абалы оор экендиги, дагы үч киши жаракат алганы айтылды.

БИШКЕК, 11-апр — Sputnik. Бишкекте эки жеңил унаа кагышканын "Короче" Телеграм-каналы билдирип, кырсыктын видеосун жарыялады.

Жол кырсыгы бүгүн, 11-апрелде, саат 19:40тар чамасында Тунгуч кичирайонунан анча алыс эмес жердеги Ауэзов көчөсүндө болгон. Кадрлардан унаалардын тетиктери туш тарапка чачырап, бир автокөлүк аңтарылып калганын көрүүгө болот. Экинчи унаадан элдер эс-учун жоготкон кишини чыгарышкан.

Милициянын кайгуул кызматынын башкармалыгы маалыматты тактап жатат. Окуя болгон жерде Тез жардам кызматынын бригадасы иштөөдө. Бир адамдын абалы оор болсо, дагы үч киши өтө оор эмес жаракат алганы айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0