Кыргызстанда бүгүн дагы 38 адамдан коронавирус аныкталды

© REUTERS / Denis BalibouseСитуация в Швейцарии в связи с коронавирусом
Ситуация в Швейцарии в связи с коронавирусом - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Коронавирустун айынан Кыргызстандын айрым жерлеринде өзгөчө абал режими иштеп жатат. Бул жактарда дарыканага, ооруканага жана азык-түлүк алуу үчүн дүкөнгө барууга гана уруксат.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 38 кишиден коронавирус аныкталганын саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

"Алардын ичинен Бишкек шаарында – 5, Чүй облусунда – 3, Ош облусунда – 3, Ош шаарында – 12, Ысык-Көлдө – 2,  Нарын облусунда – 13 киши болду", - деди Каратаев.

Ушуну менен вирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377 болду.

Эскерте кетсек, коронавирустан улам өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланып, 25-марттан Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарларында, ошондой эле Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунда өзгөчө абал режими иштеп жатат. Бул тартип 15-апрелге чейин уланары белгиленген, бирок премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев тесттердин бардыгынын анализи чыгып, алардын контакттары боюнча акыркы киши такталмайынча карантинди токтотууга болбостугун айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0