Коронавирус жуктурган 11 адамдын абалы оор, реанимацияда жаткандар да бар

© REUTERS / Antara Foto / Hafidz MubarakСитуация в Швейцарии в связи с пандемией коронавируса
Ситуация в Швейцарии в связи с пандемией коронавируса - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кечээ, 11-апрелде, тогуз кишинин абалы оор экени, анын арасынан бешөө реанимацияда жатканы айтылган болчу.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Кыргызстанда коронавируска кабылган 11 адамдын абалы оор деп бааланууда. Бул туурасында саламаттык сактоо министринин орун басары Мадамин Каратаев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, абалы оорлошкон 11 адамдын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө.

Белгилей кетсек, кечээ, 11-апрелде, тогуз кишинин абалы оор экени, анын арасынан бешөө реанимацияда жатканы айтылган болчу.

Мындан сырткары, Каратаев өлкөдө 24 885 адамдан анализ алынып, бүгүнкү күндө анын 24 358и чыгарылганын билдирди.

"Мурда жүйөлүү себептер менен реагенттер жетишпей, баарынын анализин текшере албай жаттык эле, кечээ баары чыкты. Бир күндө 1674 адамга анализ жасалды. Байланышта болгон деген 6537 киши бар. Анын ичинен биринчи категориядагылар - 1178, экинчи категориядагылар - 5359. Учурда Кыргызстан боюнча обсервацияда 1025 адам жатат", — деди Каратаев.

Новый корпус Боткинской больницы в Москве - Sputnik Кыргызстан
Коронавирустан дагы 10 адам айыгып чыкты
Соңку маалымат боюнча, Кыргызстанда коронавирус аныкталган адамдардын жалпы саны 377ге жетти. Анын арасынан 54 адам айыгып чыкса, бешөө каза болуп калды.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram-каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0