Жапжаш балдар экен! Бишкектеги автокырсыктын чоо-жайы

Жазылуу
Эске салсак, жол кырсыгы Ауэзов жана Курманов көчөлөрүнүн аймагында 11-апрель күнү болгон. Учурда жабырлануучулар ооруканада.

БИШКЕК, 12-апр. — Sputnik. Бишкектин чыгыш тарабында кечээ үрөй учурган жол кырсыгы катталып, анда төрт адам жабыркады. Бул тууралуу маалыматты комендатурадан толуктап, жабырлануучулардын жаш курагын айтышты.

Эске салсак, жол кырсыгы Ауэзов жана Курманов көчөлөрүнүн аймагында 11-апрель күнү болгон

Күбө тартып алган кадрлардан автоунаалардын тетиктери туш тарапка чачырап, бир автокөлүк аңтарылып калганын көрүүгө болот. Экинчи автоунаадан эл эс-учун жоготкон кишини чыгарган.

Комендатурдан билдиришкендей, Toyota Camry жана Toyota Altezza автоунаалары кагышкан. Жабыркагандардын экөө — 21, экөө 25 жашта экени айтылды.

Алар Бишкектеги Травматология жана ортопедия илим-изилдөө борборуна жаткырылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0