Кыргызстанда дагы 42 кишиден коронавирус чыкты

© Sputnik / Евгений Биятов / Медиабанкка өтүүЛаборатория по производству реагентов для экспресс-тестов на коронавирус в "Сколково"
Лаборатория по производству реагентов для экспресс-тестов на коронавирус в Сколково - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
COVID-19 инфекциясынын жайылып кетүүсүн алдын алуу үчүн Кыргызстанда өзгөчө кырдаал жарыяланган. Бир нече аймактарда өзгөчө абал тартиби иштеп жатат.

БИШКЕК, 13-апр. — Sputnik. Кыргызстанда дагы 42 адамдан коронавирус чыкты. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев брифингде билдирди.

Ушуну менен жалпы бейтаптардын саны 419 болду.

"Бишкекте 10, Чүй облусунда алты, Ош облусунда тогуз, Ош шаарында беш, Жалал-Абад облусунда эки, Нарын облусунда тогуз, Баткен облусунда бирөө катталды. Арасында 16 медицина кызматкери бар", — деди Үсөнбаев.

Ал эми инфекция аныкталган беш киши каза болгон.

Жаңылыктар түрмөгү
0