Бишкекте милициянын унаасы менен бус кагышып, үч киши жабыркады. Видео

© Sputnik / Табылды КадырбековПатрулдук милициянын унаасы. Архив
Патрулдук милициянын унаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Автокөлүктөр сүзүшкөндө бус капталынан кулап калган. Кырсыктын кесепетинен Тез жардам кызматы үч кишини ооруканага жеткирген.

БИШКЕК, 16-апр — Sputnik. Борбор калаадагы Лермонтов жана Фрунзе көчөлөрүнүн кесилишинде милициянын унаасы менен жүк ташуучу бус кагышып, үч киши жабыркады. Бул туурасында Тез жардам станциясынан билдиришти.

"Бул көчөлөрдүн кесилишине саат 6:38де чакыруу түшүп, үч киши ооруканага жеткирилди", — деп билдирди медиктер.

Бирок Тез жардам кызматы жабыркагандардын абалы тууралуу айткан жок.

Окуяга күбө болгон адамдын айтымында, автокөлүктөр сүзүшкөндө бус капталынан кулап калган.

Жарандык активист Болот Ибрагимов социалдык тармактагы баракчасына кырсык болгон жерден видео жүктөгөн. Андан унаалар эвакуацияланып жатканын көрүүгө болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Болот Ибрагимов SFR (@bolotibragimov)

Комендатура маалыматты тактап жатканын билдирди.

Жаңылыктар түрмөгү
0