ИИМ жаш баланы аёсуз сабаган кишини издеп жатат

© Sputnik / Эмиль СадыровГород Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области
Город Айдаркен в Кадамжайском районе Баткенской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эркек киши болжол менен 10-12 жаштагы баланы токмоктогон видео соцтармакта катуу талкууланууда. Милиция окуя кайда болгонун жана видеонун каармандарын аныктоого аракет кылууда.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Ички иштер министрлиги үйүндө жаш баланы сабаган кишини издеп жатат. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстанга министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Кишенделген адам. Архив - Sputnik Кыргызстан
ЖКда кызын зордуктап, аялын сабап өлтүргөндөрдү өлүм жазасына тартуу сунушталды
Социалдык тармакка болжол менен 10-12 жаштагы баланы чоң эле киши аёосуз сабап жаткан видео тарады. Кадрдан киши баладан жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоону талап кылып уруп, тепкилеп, жада калса катуу темир менен да чаап жатканын көрүүгө болот.

Кадр артында бир аял ыйлап, баладан жездесинин айтканын аткарып коюусун суранганы угулат.

Азырынча ал жарандын ким экени жана окуя кайсы жерде болгону туурасында маалымат жок. Бирок бул көрүнүш Москвада болушу мүмкүн деген божомолдор айтылууда.

Жаңылыктар түрмөгү
0