ИИМ баланы аёосуз сабаган кишинин ким экенин тактады

© Sputnik / Табылды КадырбековКиши колун муштап турат. Архив
Киши колун муштап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин социалдык тармакка болжол менен 10-12 жаштагы баланы чоң эле киши аёосуз сабап жаткан видео тараган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. ИИМ жаш баланы аёосуз сабаган кишинин ким экенин тактады.

Буга чейин социалдык тармакка болжол менен 10-12 жаштагы баланы чоң эле киши аёосуз сабап жаткан видео тараган. Кадрдан киши баладан жерден түртүлүү көнүгүүсүн жасоону талап кылып уруп, тепкилеп, жада калса катуу темир менен да чаап жатканын көрүүгө болот.

Медициналык бет капчан кыз смартфонду кармап турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте балдар психологдору телефон аркылуу акысыз кызмат көрсөтөт
Маалыматка ылайык, азыркы тапта аны Россияда издеп жатышат. Былтыркы жылдын 16-октябрында ал кишинин аталган өлкөгө кеткени айтылды.

Милициянын билдирмесине караганда, 35 жаштагы адам Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунан. Аялы 33 жашта.

"ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү тарабынан уулун аёосуз сабаган адамды издөө иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

Министрликтен издөө, текшерүү иштери аяктагандан кийин кошумча маалымат берилерин кошумчалашты.

Жаңылыктар түрмөгү
0