Бишкекте инспекторду сүзүп кетти делген айдоочу милицияга өзү келди

© Sputnik / Табылды КадырбековРулдагы наручниктер. Иллюстративдүү сүрөт
Рулдагы наручниктер. Иллюстративдүү сүрөт - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин борбор калаанын Салиев жана Курманжан датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу кайгуул милициясын сүзүп, из жашырып кеткени айтылган.

БИШКЕК, 17-апр. — Sputnik. Бишкекте санитардык-карантиндик постто турган милиция кызматкерин сүзүп кетти делген айдоочу укук коргоо органдарына өзү келди. Бул тууралуу күч түзүмдөрүндөгү булак кабарлады.

Буга чейин борбор калаанын Салиев жана Курманжан Датка көчөлөрүнүн кесилишинде белгисиз айдоочу кайгуул милициясын сүзүп, из жашырып кеткени айтылган. Инспектор ооруканага жеткирилип, кылмышка шектүү изделип жаткан.

Эске салсак, Кыргызстандын төрт шаары жана төрт районуна 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Бул аймактарда кечки саат 9.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0