Кыргызстандын аймагында жер силкинди

© AP Photo / Irwin FedriansyahСейсмогарф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмогарф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Соцтармактын колдонуучулары Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жер силкингенин жазышты. ӨКМ маалымат бере элек.

БИШКЕК, 18-апр. — Sputnik. Кыргызстандын аймагында магнитудасы 4,6га жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу Европалык жер ортолук сейсмологиялык борбордон билдиришти.

Маалыматка караганда, жер силкинүүнүн очогу Ысык-Көлдүн батыш тарабындагы тоолуу аймактарда саат 17:30да сезилген. Ал эми анын очогу Кеминден түштүктү карай 39 чакырым, Бишкектен түштүк-чыгышты карай 104 чакырым алыстыкта жайгашкан.

ӨКМ азырынча жер титирөө боюнча маалымат бере элек. Ал эми соцтармактын колдонуучулары Нарын облусуна караштуу Кочкор районунда жер силкингенин жазышты.

Жаңылыктар түрмөгү
0