Москвада өз уулун аёосуз сабаган кыргызстандык киши камалды

CC0 / 4711018 / Аресты в КР
Аресты в  КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баласын урган кишиге карата Россиянын Кылмыш-жаза кодексинин эки беренеси боюнча кылмыш иши козголгон.

БИШКЕК, 21-апр. — Sputnik. Москвада өз баласын аёосуз сабаган киши эки айга камакка алынды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Окуя коомчулукка тарап кеткенден кийин КР ИИМи Россия ИИМинин Кылмыш издөө башкармалыгына, Москва шаарындагы Кунцево райондук милициясына ал кишиге чара колдонуу боюнча кат жиберген. Бул факты аталган райондун окуяларды каттоо боюнча атайын китебине катталган.

“35 жаштагы Ж.Э. аттуу жаранга карата Кунцево районунун тергөө комитети тарабынан РФтин Кылмыш-жаза кодексинин 117-беренеси ("Кыйноо") жана 156-беренеси ("Жашы жете элек балдарды тарбиялоо милдетин аткарбоо") боюнча кылмыш иши козголгон. Анын алкагында соттун чечими менен Ж.Э. эки айга камакка алынды”, — деп айтылат маалыматта.

Задержание подозреваемого водителя в наезде на пешехода - Sputnik Кыргызстан
Жалгыз бой аялга берилген азык-түлүктү алып качты делген таксист кармалды. Видео
Буга чейин интернетке эркек киши кичинекей баланы уруп жаткан видео тарап, коомчулукта нааразычылыктарды жараткан. Кийин Ички иштер министрлиги ал жаран Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун тургуну экенин аныктаган. Бул көрүнүш Москва шаарында 16-апрелде саат 11лер чамасында болгон. Аны телефонго аялы тартып алган да, алгач Ала-Букада жашаган атасына жөнөткөн. Ал киши туугандарына жиберип, андан кийин коомчулукка жайылып кеткен

Sputnik Кыргызстан баласын урган киши менен байланышып, анын пикирин уккан. Ал журналистке окуянын кандай болгонун, баласына жакшы тарбия берем деген максаты болгонун айтып берген.

Жаңылыктар түрмөгү
0