Ош менен Жалал-Абадда жер титиреди

© AFP / TED ALJIBEСейсмогарф аппаратынын көрсөткүчү. Архив
Сейсмогарф аппаратынын көрсөткүчү. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Оштогу жер титирөө бүгүн таңда катталса, Жалал-Абаддагы силкинүү кечээ кечинде болгон. Эки окуяда тең жабыркагандар жана кыйроолор болгон жок.

БИШКЕК, 22-апр. — Sputnik. Ош облусунда очогунда күчү күчү 4,5 баллга, Жалал-Абадда үч баллга жеткен жер титирөө болду. Бул туурасында ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Жалал-Абад облусундагы жер титирөө кечээ, 21-апрель күнү, саат 17:50дө катталган. Ал Базар-Коргон районунун Беш-Бадам, Кыргыз-Гава айылдарында, Сузак районунун Соку-Таш айылында 3 баллга чейин сезилген. Ал эми Сузак районунун Ак-Тоок, Кара-Март айылдарында, Базар-Коргон районунун Кызыл Октябрь, Карача, Совет, Гөлөгөн, Чкалов айылдарында, Ноокен районунун Тоскоол айылында 2,5 баллга чейин болгон.

Бүгүн таңга жуук саат 05:24тө Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал Ош облусунун Чоң Алай районунун Карамык, Кара-Тейит, Шибээ айылдарында 3,5 балл, Жаш-Тилек, Чак, Кара-Шыбак, Кулчу айылдарында 3 балл, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 баллга чейин сезилген.

Эки жер титирөөдөн тең жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0