Комендант: үйдөгү зомбулук көбөйдү, кризистик борборлорду ачуу пландалууда

Жазылуу
Орозалиев шаар тургундарына кайрылып, үй-бүлөнү сактап калууга, сабырдуу болууга чакырды. Анын айтымында, быйыл үйдөгү зордук-зомбулуктун саны өскөн.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Үйдөгү зордук-зомбулуктун көбөйүшүнө байланыштуу кризистик борборлорду ачуу маселесин карап жатабыз. Бул тууралуу Бишкек шаарынын коменданты Алмаз Орозалиев брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, былтыркыга караганда быйыл үйдөгү зордук-зомбулуктун саны 62 пайызга өскөн.

"2019-жылдын 24-мартынан 24-апрелине чейин 100 факты катталса, быйыл ушул эле маалда 162 факты болду. Урматтуу, шаар тургандары! Бул убакыт дагы өтөт. Үй-бүлөбүздү сактап, жакындарыбызга сабырдуу болушубуз керек", — деди Орозалиев.

Ал ачыла турчу кризистик борборлордо адам көп болорун, бирок бардык санитардык-эпидемиялык эрежелер сакталарын кошумчалады.

"Биз бул борборлордун жана анда жашагандардын коопсуздугун камсыздоого даярбыз", — деди комендант.

Эске салсак, буга чейин адистер Кыргызстанда коронавирустун жогорку чеги 20-24-апрелге туура келерин боолголошкон.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны 656 болсо, анын 322си айыкты. Илдеттен сегиз адам көз жумду.

Кыз муштумдарын түйүп турат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Күйөөсүнө кол көтөргөн аялдар бар. Ошто үй-бүлөлүк зомбулук азайганы айтылды
Коронавирустан улам өзгөчө абал режими Бишкек, Нарын, Ош жана Жалал-Абад шаарлары, Ноокат, Кара-Суу, Сузак жана Ат-Башы райондоруна киргизилген. Саат 21.00дөн эртең мененки 6.00гө чейин коменданттык саат болгондуктан, көчөдө жүрүүгө тыюу салынат.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

Жаңылыктар түрмөгү
0