Өткөрмө кагаз. Архивдик сүрөт

Бишкекте журналист өткөрмө кагаз саткан жигитти тузакка түшүрдү. Окуянын чоо-жайы

573
(жаңыланган 13:34 24.04.2020)
Журналист шаарда эркин жүрүүгө уруксат кагазын сатып жаткандар тууралуу угары менен милицияга кабарлап, кармоого жардам берген.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бишкекте журналисттин жардамы менен жасалма өткөрмө кагаздарын сатып жаткан жаран кармалды. Бул туурасында Бишкектин коменданты Алмаз Орозалиев маалымат жыйын учурунда билдирди.

Анын айтымында, уруксат кагазын 20 жаштагы жигит 1500 сомдон сатып келген.

“Мен журналист Нурис Алымбаевге ыраазычылык билдирип кетким келет. Анын активдүү көмөгү менен милиция кызматкерлери комендатуранын өткөрмө кагаздарын жасалмалап сатып жаткан адамды кармады. Андан мөөр, клише жана өткөрмө кагаздар алынды. Бул мындан ары дагы кызматташууну шарттаган аябай жакшы жарандык позиция”, — деди Орозалиев.

Нурис Алымбаев өлкөдөгү телеканалдардын биринде иштейт. Ал Sputnik Кыргызстанга бул иштин артынан эки күн жүрүп, "соодагер" кечээ, 23-апрелде, колго түшүрүлгөнүн айтып берди.

“Мен бул боюнча ар кандай жол кырсыктары жана кылмыштар тууралуу кабарлап турган өздүк булагымдан уктум. Ага ишенсе болот, бирок ал укук коргоо орагандарында иштебей турганын белгилеп кетейин. Мага маалымат жеткенден кийин эле Кайгуул милициянын кызматкерлерине кайрылдым. Биргеликте иш алып барып, анын эртеси жасалма өткөрмө кагаз жасаган жигит менен жолукмай болдук. Мен ага чалып дары ташып иштей турганымды, андыктан кичи автобуска өткөрмө кагазы керектигин айттым. Эч кебелбей иштеген жерден маалым кат, шаарда күндүзү эркин жүрүүгө уруксат берген кызыл түстөгү уруксат кагазын 1500 сомго жасап берүүнү убадалады”, — деп баяндайт журналист.

Жолугушууга макулдашылган соң 22-апрелде Свердлов райондук милициясынын жанынан колго түшүрүүнү пландашканын билдирди. Бирок ал күнү кармоо ишке ашпай калган.

“22-апрель күнү ал келүүдөн баш тартып койду. Эртеси 11-кичи районго чакырды. Жолугушууга башка бир адамды жибердик. Ал документти папкасынан чыгарып жаткан жеринен барып кармап, ШИИБге алып келишти. Калган маалыматты тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн толук ачыктап айта албайм”, — деди Алымбаев.

Белгилей кетсек, борбор калаага 30-апрелге чейин өзгөчө абал режими киргизилген. Шаар ичинде эркин жүрүү үчүн негизги жумуштарды аткарган тараптардын автоунааларына комендантурадан өткөрмө кагазы берилет. Ал эми кечки 21.00дөн 6.00гө чейин коменданттык саат иштейт.

Коронавирустун кесепети

Кыргызстанда COVID-19 жуктуруп алгандардын саны 656га жетип, анын дээрлик жарымы, 322си айыкты. Тилекке каршы, вирус сегиз кишинин өмүрүн алып кетти.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

Sputnik редакциясы карантин учурунда ар тараптан жардам бере турган кызматтардын ишеним телефондорун жана облустардагы комендатура, штабдардын номерлерин жарыялаган.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

573
Белгилер:
жасалма, кармоо, кагаз, өткөрмө, журналист, комендант, Бишкек
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2317)
Тема боюнча
Буюртма аткарып жатасыңар! Ош коменданты мамкызматкерлерге эскертүү берди
Бишкек шаарынын мэрдин милдетин аткаруучу Нариман Түлеевдин архивдик сүрөтү

Түлеевдин кызматка келишинин айынан эки тарап чатакташа кетти. Видео

156
(жаңыланган 14:33 21.10.2020)
Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула башташкан. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаардык мэриянын имаратында Нариман Түлеевдин калаа башчысынын милдетин аткаруучу болуп дайындалышына нааразы болгондор менен анын тарапташтары чатакташа кетти. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы билдирди.

Муниципалитеттеги кадрдык алмашууга нааразы болгондор эртең менентен тарта мэрияга чогула баштаган. Алар Түлеевдин мэрдин милдетин аткаруучу болуп келишин мыйзамсыз деп эсептешүүдө.

Мэриянын алдына Түлеевге каршы чыккандар гана эмес, тарапташтары дагы келген. Алар нааразы болгондорго кайрылып, мэрдин милдетин аткара турган адамга убакыт жана мүмкүнчүлүк берүүнү суранышты. Алардын айтымында, кыш жакындап калгандыктан шаарды жылуулук сезонуна даярдаш керек.

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

"Сүйлөшүүлөр" мэрияда өтүп, ага шаар башчысынын милдетин аткаруучу Нариман Түлеев өзү катышты. Ар кандай пикирлерден улам эки тарап чатакташа кетти.

 

156
Белгилер:
Нариман Түлеев, чатак, кызмат, мэр, Бишкек
Тема боюнча
Түлеевдин кызматка келишине нааразы болгондор мэрия алдына чогулду. Сүрөт
COVID күчөп кетсе Бишкек даяр болушу керек. Түлеевдин биринчи жыйыны
Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев. Архивдик сүрөт

Бишкектин вице-мэри Абдылдаев Финполго сурак берди. Себеби

87
(жаңыланган 13:08 21.10.2020)
Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Ал бул кызматты 8 жыл жетектеген.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Бишкек шаарынын мэринин турак жай-коммуналдык чарба боюнча кеңешчиси, вице-мэр Алимбек Абдылдаев кечээ Финполго сурак берди. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, Абдылдаев "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасындагы маселе боюнча күбө катары чакыртылган. Вице-мэр иштин ар тараптуу изилдениши үчүн кенен маалымат берген.

Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди

Абдылдаев бүгүндөн тарта кадимкидей иштеп, шаардын чарбалык көйгөйлөрүн чечип жатат.

Эске салсак, Абдылдаев 2011-жылдан 2019-жылга чейин "Бишкек жылуулук энергия" коммуналдык ишканасында эмгектенген.

87
Белгилер:
сурак, вице-мэр, мэрия, Бишкек
Тема боюнча
Сот Райым Матраимовдун баш коргоо чарасын карап чечим чыгарды
Финпол: мурдагы өкмөт башчы Абылгазиев суракка келди
Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашы

Гэтжи менен Нурмагомедов көз караштар таймашын өткөрдү. Видео

0
(жаңыланган 23:08 21.10.2020)
Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы саналуу күндөрдөн кийин Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болот.

БИШКЕК, 21-окт. — Sputnik. Абсолюттук мушкерлер чемпионаты (UFC) россиялык чемпион Хабиб Нурмагомедов менен америкалык Жастин Гэтжинин көз караштар таймашынын видеосун жарыялады.

Бүгүн, 21-октябрда, мушкерлер маалымат жыйын өткөрүп, андан кийин салтка айлангандай бетме-бет жолугушту. Атлеттер бири-бирине сес көрсөтпөй, сый менен тике карашкан.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Промоутерлик компания жүктөгөн экинчи видеодон Гэтжи утурумдук чемпион болгондогу бел курун тагынбай койгонун көрүүгө болот. Аны башында көтөрө келген. Ал эми чыныгы чемпион атыккан Нурмагомедов курун кармап кадрга түшкөн.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от ufc (@ufc)

Нурмагомедов менен Гэтжинин чемпиондук наам үчүн кармашы 24-октябрда UFC 254 турниринин алкагында Абу-Дабидеги "Мушкерлер аралы" аренасында болмокчу. Россиялык мушкер бел курун сактап калганга жан үрөйт.

0
Белгилер:
таймаш, видео, Жастин Гэтжи, Хабиб Нурмагомедов, UFC
Тема боюнча
Уайт: Нурмагомедов — Гэтжи беттеши UFC тарыхындагы эң ири таймаш болот