Кыргызстандын тунгуч юристи Карпек Курманов дүйнө салды

© Sputnik / Кирилл Каллиников / Медиабанкка өтүүОоруканадагы бейтапкана. Архив
Ооруканадагы бейтапкана. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Курманов Карпек Шамсединович юридикалык илимдин өнүгүшүнө жана кадрларды даярдоого зор салымын кошкон.

БИШКЕК, 24-апр. — Sputnik. Бүгүн, 24-апрелде, Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, белгилүү юрист Карпек Курманов 92 жаш курагында көз жумду. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен билдиришти.

© Фото / Министерство Юстиции Кыргызской РеспубликиКыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, белгилүү юрист Карпек Курманов
Кыргызстандын тунгуч юристи Карпек Курманов дүйнө салды - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын эмгек сиңирген илимий ишмери, белгилүү юрист Карпек Курманов

Карпек Курманов Кыргызстандын биринчи юристи болуп, кыргыз юридикалык илиминин башында турган.

"Карпек Шамсединович эгемендүү Кыргызстандын бир катар мыйзамдарын иштеп чыгууга катышкан. Юридикалык илимдин өнүгүшүнө жана кадрларды даярдоого кошкон салымы үчүн мамлекеттик сыйлыктарга татыган, үчүнчү даражадагы "Манас" ордени дагы берилген. Карпек Курманов ар бир юристтин эсинде түбөлүк сакталат", - деп айтылат министрлик тараткан маалыматта.

Юстиция министрлиги маркумдун жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Жаңылыктар түрмөгү
0