Ысык-Көл жана Ош облустарында 5 баллдык жер титирөө катталды

© AP Photo / ELAINE THOMPSONСлучаи землетрясение в Кыргызстане
Случаи землетрясение в Кыргызстане - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эки облуста тең жер титирөө 25-апрелде түн ичинде жана таңга жуук катталган. Алдын ала берилген маалымат боюнча, эки облуста тең жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Ысык-Көл жана Ош облустарында күчү беш баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Билдирүүгө ылайык, Ысык-Көлдө жер титирөө 25-апрель күнү саат 03:56ларда болгон.

"Жер титирөө Тоң районунун Туура-Суу, Оттук айылдарында беш балл, Бар-Булак, Шор-Булак, Кара-Талаа, Ак-Өлөң айылдарында төрт балл, Эшперов, Тогуз-Булак, Төрт-Күл, Темир-Канат айылдарында үч балл жана Нарын облусунун Кочкор районунун Кара-Тоо, Кара-Саз, Төлөк айылдарында үч баллга чейин сезилген", — деп айтылат маалыматта.

Ал эми Ош облусунда күчү беш баллга жеткен жер силкинүү 25-апрель күнү таңкы саат 06:55те катталган.

Катуу ылдамдыкта бараткан унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бишкекте айдоочу жети автоунааны катары менен сүзүп кетти. Жеринен видео
"Жер титирөө Алай районунун Тогуз-Булак, Арпа-Тектир айылдарында, Кара-Суу районунун Чайчи айылында беш балл, Алай районунун Кен-Жылга, Кара-Шоро, Боз-Караган, Таш-Короо, Жаңы-Турмуш айылдарында, Кара-Суу районунун Алга-Бас, Бек-Жар, Лангар, Талдык айылдарында, Кара-Кулжа районунун Жетим-Дөбө, Сары-Булак айылдарында төрт балл, Ош шаарында, Өзгөн районунун Өзгөн шаарында, Мырза-Арык, Мырзаке, Саламалик айылдарында үч балл, Жалал-Абад шаарында, Кара-Суу шаарында жана Ноокат районунун Ноокат айылында үч баллга чейин сезилген", — деп жазылат билдирүүдө.

Маалыматка караганда, эки облуста тең жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор болгон эмес.

Жаңылыктар түрмөгү
0