6 киши реанимацияда. Ооруканада жаткандардын абалы айтылды

© Sputnik / Павел Львов / Медиабанкка өтүүОбсервационный центр в Мурманской области
Обсервационный центр в Мурманской области - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бүгүн тогуз киши вируска чалдыгып, жалпы катталгандардын саны 665ке жетти. Учурда ооруканада 312 жаран жатат.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Коронавирус жуктуруп алып, ооруканада жаткандардын он үчүнүн абалы оор, алтоо реанимацияда. Бул тууралуу саламаттык сактоо министри Сабиржан Абдикаримов брифинг учурунда билдирди.

Анын айтымында, бүгүнкү күндө жалпысынан 312 киши дарыланууда.

“13 жарандын абалы оор, анын ичинен алтоо жандандыруу бөлүмүндө. Орточо оор абалда — 37, канааттандырарлык абалда — 262”, — деди министр.

Бүгүн дагы тогуз киши вируска чалдыгып, жалпы катталгандар 665ке жетти. Сакайып чыккандардын саны — 245, көз жумгандар — сегиз.

Ал эми вируска кабылган медиктердин жалпы саны 175 болду.

Өлкөдө учурда абал кандай болуп жатканын Sputnik Кыргызстан агенттиги жүргүзгөн тексттик трансляциядан билүүгө болот

 

Жаңылыктар түрмөгү
0