Мал сугармак. 11 жаштагы аксылык баланын сөөгү Наманган каналынан табылды

© Фото / Зульфия ТургуноваЖара в Оше
Жара в Оше - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Баланын жанында үч жаштагы бөбөгү да бар экени айтылууда. Сөөк табылганы тууралуу маалымат бүгүн, 25-апрелде, келген.

ОШ, 25-апр. – Sputnik. Жалал-Абад облусунун Аксы районунда сууга агып кеткен 11 жаштагы баланын сөөгү Өзбекстандын аймагынан табылды. Бул тууралуу ӨКМдин Таш-Көмүр шаардык бөлүмүнөн билдиришти.

Маалыматка ылайык, учурда сөөктү Кыргызстанга кайтаруу боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат.

Случаи падения с высотного дома детей - Sputnik Кыргызстан
Бишкек: эки жашар кыз 8-кабаттан кулап кетип, чарчап калды
Окуя 23-апрелде болгон. Аксы районунун Үч-Коргон айыл өкмөтүнүн Катыраңкы айылында үч жашар инисин ээрчитип, мал сугарууга барган 11 жаштагы бала Наманган каналына агып кеткен. Ал үй-бүлөдө төрт бир туугандын үчүнчүсү экени айтылды. Катыраңкы айылындагы №39 орто мектептин 4-классында окучу.

25-апрелде Наманган каналында суу азайгандыгына байланыштуу Өзбекстан тараптан "баланын жансыз денеси табылды" деген маалымат келген.

Учурда чек арачылар тарабынан акт түзүлүп, Өзбекстандын тиешелүү кызматтары сөөктү Кыргызстанга өткөрүү үчүн иш-аракеттерди жүргүзүп жатканы белгилүү болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0