Капталдан чыгып сүзүп салды! Тез жардам унаасынын кырсыктаган видеосу

© Sputnik / Александр Алпаткин / Медиабанкка өтүүНовые автомобили "Скорой помощи"
Новые автомобили Скорой помощи - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кырсык бүгүн кечке жуук Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Бишкек комендатурасы факт боюнча комментарий бере элек.

БИШКЕК, 25-апр. — Sputnik. Бишкекте Тез жардам кызматынын унаасы кырсыкка учурады.

Видео "Короче" деп аталган Телеграм-каналга жүктөлдү.

Тез жардамдын унаасы Mercedes Benz менен кагышкан. Кадрлардан дарыгерлердин унаасы жолдун жээгинде оодарылып жатканын, жанында жаракат алган фельдшер отурганын көрүүгө болот.

Кырсык бүгүн, 25-апрелде, болжол менен саат 18:00-19:00дөр чамасында Чүй проспектиси менен Үмөталиев көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Бишкек комендатурасы аталган факт боюнча азырынча комментарий бере элек.

Жаңылыктар түрмөгү
0