Таласта сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгүн айылдаштары тапты

© SputnikТоолуу дарыя. Архив
Тоолуу дарыя. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Куткаруучулар кырсык болгон жерге жеткенге чейин жаш баланын сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, туугандарына өткөрүп бергени айтылды.

БИШКЕК, 27-апр. — Sputnik. Таластын Бакай-Ата районунун Өзгөрүш айылында суудан алты жаштагы баланын сөөгү табылды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, бөбөк Талас дарыясына түшүп кеткен. Издөө иштерине ӨКМдин алты куткаруучусу тартылган. Бирок куткаруучулар барганга чейин эле наристенин сөөгүн жергиликтүү тургундар таап, туугандарына өткөрүп бергени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0