Бишкекте автоунаа имаратка барып урунду. Видео

© Sputnik / Наталья Селиверстова / Медиабанкка өтүүЖолдогу автоунаа. Архив
Жолдогу автоунаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кадрларда көрүнүп тургандай, автоунаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып калган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Бишкекте коменданттык саат учурунда Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунаа имаратка келип урунду.

Окуя болгон жерде тартылган видео жана сүрөттөр "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Маалыматка караганда, кырсык "Космопарк" соода борборуна жакын жерде болду.

Кадрларда көрүнүп тургандай, автоунаанын алдыңкы бөлүгү талкаланып калган. Жеринде милиция кызматкерлери иштеп жатат.

Күбөнүн айтымында, автоунаа банктын имаратына барып урунган.

Медициналык тез жардам кызматынан аталган аймактан чакыруу түшпөгөнүн айтышты. Ал эми шаар комендатурасынан маалымат алуу мүмкүн болгон жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0