Комендатура: кечээ түнү банкты сүзгөн автонун айдоочусу мас болгон

© © фото очевидца, отправленное по Telegram-каналуБанктын имаратын сүзгөн 32 жаштагы айдоочунун Subaru автоунаасы. Архив
Банктын имаратын сүзгөн 32 жаштагы айдоочунун Subaru автоунаасы. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кырсыгы 27-апрель күнү саат 22:30да “Космопарк” соода борборунун жанында болгон. Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунааны айдап бара жаткан айдоочу имаратты сүзүп токтогон.

БИШКЕК, 28-апр. — Sputnik. Кечээ коменданттык саат учурунда банктын имаратын сүзгөн 32 жаштагы айдоочу автоунааны мас абалында айдап бара жаткан. Бул тууралуу комендатурадан билдиришти.

Эске салсак, жол кырсыгы 27-апрель күнү саат 22:30да “Космопарк” соода борборунун жанында болгон. Subaru үлгүсүндөгү жеңил автоунааны айдап бара жаткан айдоочу имаратты сүзүп токтогон.

“Айдоочу Безымянная көчөсү менен чыгышты көздөй бара жаткан. Юнусалиев көчөсү менен кесилишкен жерде рулду башкара албай, жол жээгиндеги коммерциялык банктардын биринин филиалына барып урунган”, — деп айтылат билдирүүдө.

Айдоочуга КРдин Бузуулар кодексинин 127 (“Жол кыймылынын башка эрежелерин бузуу”), 128-беренелерине (“Транспорт каражатын мас абалында айдоо”) ылайык протокол түзүлүп, автоунаа айып короого киргизилди.

Ал эми коменданттык сааттын эрежелерин бузгандыгы үчүн жаран милиция бөлүмүнө жеткирилген.

Жаңылыктар түрмөгү
0