Милиция: Алайда мас энесин өлтүрдү деп 16 жаштагы кыз кармалды

© AFP / JOHN MOORE / GETTY IMAGES NORTH AMERICAУчебный сценарий в Академии пограничного патруля в Артезии
Учебный сценарий в Академии пограничного патруля в Артезии - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын версиясы боюнча өспүрүм кыз мас энесин темир кулпу менен башка чапкан. Натыйжада аял кансырап көз жумган.

БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Ош облусуна караштуу Алай районунда башынан жаракат алган 52 жаштагы аялдын сөөгү табылды. Бул тууралуу облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 25-апрель күнү саат 10:00дөр чамасында райондук милицияга аялдын сөөгү табылгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

“Жерине барган тергөө топ 24-апрелде түнкү саат 22:00дөр чамасында 16 жаштагы кыз мас энеси менен уруша кетип, темир кулпу менен башка 2-3 жолу урганын аныкташкан. Өспүрүм башка бөлмөгө барып жатып алган, ал эми аял кансырап көз жумган”, — деди Аширбаев.

Учурда Жазык кодексинин 138-беренеси ("Денеге оор зыян келтирүү") боюнча сотко чейинки өндүрүш иши башталып, шектүү эки айга камакка алынды.

Маркумдун артында 4 баласы калды, жолдошу 7-8 жыл мурда өтүп кеткени айтылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0