Бишкекте унаа шар аккан сууга түшүп кетти. Сүрөт, видео

© Sputnik / Азамат АралбаевПоследствия ДТП на пересечении улиц Калинина и Салиевой в Бишкеке
Последствия ДТП на пересечении улиц Калинина и Салиевой в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуяга күбө болгондордун айтымында, унаа жолдон чыгып кеткен. Аны шар аккан суудан кран менен тартып чыгышкан.

БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти.

Кырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

© Sputnik / Азамат АралбаевБишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти.
Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти. - Sputnik Кыргызстан
1/2
Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти.
© Sputnik / Азамат АралбаевКырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
Кырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. - Sputnik Кыргызстан
2/2
Кырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.
1/2
Бишкекте BMW үлгүсүндөгү унаа каналга кулап кетти.
2/2
Кырсык борбор калаадагы Калинин жана Салиева көчөлөрүнүн кесилишинде болгон.

Окуянын видеосу "Короче" деп аталган Telegram-каналга жүктөлдү. 

Кырсыктан жабыркагандар болгон эмес. Айдоочу жардам кереги жок экендигин айткан. Күбөлөрдүн болжолдуу маалыматтары боюнча, ал унаада жалгыз эле болчу.

Тез жардам медициналык борбору чакыруу түшпөгөнүн билдирди. Милиция жеринде иштеп жатат. Унааны кран менен тартып чыгышып, жанындагы адамдар жардам беришкен. Андан кийин автокөлүктү эвакуатор менен алып кетишкен.

Кырсыктын так себеби билине элек. Күбөлөрдүн айтымында, унаа жолдон чыгып кеткен. Ал эми комендатура бул тууралуу маалыматты кийинчерээк берүүнү убадалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0