Сел каптаган Исфана шаарынын 4 айыл аймагына өзгөчө кырдаал жарыяланды

© Фото / пресс-служба МЧСИсфана шаарынын Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула айыл аймактарында жүргөн селдин кесепети
Исфана шаарынын Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула айыл аймактарында жүргөн селдин кесепети - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Лейлекте катуу жааган жамгырдын кесепетинен турак жайларды, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду сел каптаган.

БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ишемби күнкү селден улам Исфана шаарынын Тогуз-Булак, Маргун, Ак-Суу жана Сумбула айыл аймактарына өзгөчө кырдаал режими киргизилди. Бул туурасында ӨКМден билдиришти.

Тиешелүү буйрукка Лейлек районунун акими Баймурат Бекмуратов кол койгон.

Аталган аймакта 2-май күнү кечинде катуу жааган жамгырдын кесепетинен сел жүрүп, турак жайларды, чарбалык курулуштарды жана унаа жолдорду суу каптаган.

Учурда 20 куткаруучу, төрт грейдер, эки жүктөгүч, бир самосвал, жеке компаниядан бир жүктөгүч тартылып, иштеп жатат.

"Исфана шаарындагы Дадасиян, Восточный, Строительный көчөлөрүндө жана Жаңы-Конуш тилкесинде жайгашкан 4 турак жайдын жер төлөсүнө, 10 үйдүн огородуна, "Арча-Бешик" бала-бакчасынын жер төлөсүнө жана Кара-Дөбө айылынын Катар тилкесиндеги бир турак үйгө сел суулары кирген. Ош — Баткен — Исфана жолунун 380-чакырымын, Исфана — Андарак — Көк-Таш жолунун 10-27-чакырымдарын, Самат — Замборуч — Жар-Кыштак жолунун 8-27-чакырымдарына кум шагыл толуп калган", — деп айтылат маалыматта.

Абалды өзгөчө кырдаалдар министри Замирбек Аскаров жеке көзөмөлүнө алган. Жеринде министрдин орун басары Равшан Рысбаев жетектеген ыкчам топ иштеп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0