Жеңил унаа жалпайып калган. Бишкек — Кара-Балта жолундагы кырсыктын видеосу

© Sputnik / Павел ЛисицынБузулган унаа свалкада. Архив
Бузулган унаа свалкада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы автокырсыктын чоо-жайын териштирип жатат.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек — Кара-Балта жолунун Александровка айылында жүк ташуучу унаа менен жеңил машина кагышкан.

Үрөй учурган кырсыктан кийин тартылган видео "Короче" Telegram каналына жүктөлдү.

Кадрдан жеңил машина жалпайып, такыр жараксыз болуп калганын, жүк ташуучу унаа капталынан жатканын көрүүгө болот.

Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын маалымат кызматы автокырсык бүгүн, 4-майда, катталганын тастыктады. Учурда териштирүү иштери жүрүп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0