Жолдон кишини тебелетип кете жаздап, андан соң үйдү сүзгөн айдоочунун видеосу

Жазылуу
Автокырсык кечээ, 3-майда, кечки сегиздер чамасында борбор калаадагы Горький көчөсү менен Оренбург кыска көчөсүнүн кесилишинде болгон.

БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Бишкек шаарында белгисиз айдоочу катуу ылдамдыктын кесепетинен кийин менчик үйгө барып урунган.

Видео "Короче" Телеграм-каналына жарыяланган.

Жол кырсыгынан жабыркаган унаа. Архив - Sputnik Кыргызстан
Төртөө ооруканада жатат. Бишкек — Кара-Балта жолунда үрөй учурган кырсыктын чоо-жайы
Кадрдан ачык түстөгү Mercedes Benz катуу ылдамдык менен кетип бара жатканын байкоо кыйын деле эмес. Ал трассаны эки жакка бөлүп турган кош сызыкты да кесип өтүп, күү менен жолдон өтүп бара жаткан кишини аз жерден койдуруп кете жаздады. Ошол ирмемдерде аны капталдан келе жаткан башка автокөлүк сүзгөндөн соң, сүрүлүп барып менчик үйгө урунган.

Алар Тез жардам чакырышкан эмес. Бишкек шаарынын комендатурасы Sputnik агенттиги жөнөткөн сурамдан улам окуянын чоо-жайын иликтеп баштады.

Ал эми кырсыкты видеого тарткан автор жол кырсык 3-майда кечки саат сегиздерде, Горький көчөсү менен Оренбург кыска көчөсүнүн кесилишинде болгонун кабарлаган.

Жаңылыктар түрмөгү
0