Ноокенде жайлоого бараткан окуучулар кырсыктап, бирөө каза болду. Видео

CC BY-SA 2.5 / mliu92 / Hyundai Porter / croppedАвтомобиль марки Hyundai Porter
Автомобиль марки Hyundai Porter - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуучулар 25 жаштагы айдоочу менен Кара-Булак жайлоосуна бара жатышкан. Кырсыктан жабыркаган үч адам Ноокен райондук ооруканасына жеткирилген.

БИШКЕК, 7-май — Sputnik. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунда мектеп окуучулары жол кырсыгына кабылып, бирөө каза болду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ЖКККББнын маалымат кызматы кабарлады.

Кырсыктан кийинки видео Telegram-каналга жарыяланды.

Билдирмеге ылайык, кырсык 6-май күнү түшкү саат 13:00дөр чамасында болгон.

"Анда Ноокен айылынын 25 жаштагы тургуну Hyundai Porter үлгүсүндөгү унаасы менен 11-класстын үч окуучусун жайлоого жеткирүүгө чыккан. Үчөө тең 17 жашта, бүтүрүүчү класста окушат. Алардын бири кыз, экөө эркек. Окуучулар Кара-Булак жайлоосуна бара жаткан. Кыр-Жон жайытына жеткенде айдоочу унааны башкара албай кырсыкташкан. Айдоочу жана эки окуучу алган жараатынан улам Ноокен райондук ооруканасына жеткирилген",— деп айтылат маалыматта.

Ал эми окуучулардын бири К.Б аттуу бала кырсык болгон жерден каза тапканы маалым болду.

Жаңылыктар түрмөгү
0