Кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалда таш ыргытылып, ок атылды

Жазылуу
Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлүп жатканы айтылды. Чыр кыргыз тарап пайдаланып келген 50 сотых жерди талашуудан келип чыккан.

БИШКЕК, 8-май – Sputnik. Бүгүн, 8-майда, кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагында курал колдонуу менен чыр-чатак болду. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен облусунун Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен. Бул жер такталбаган аймакта болгон, бирок иш жүзүндө кыргыз тарап пайдаланып келген.

"Кыргызстан менен Тажикстандын ар биринен 30-40тан адам бири-бирине таш ыргыта башташкан. Чыр-чатак учурунда мергенчилик куралдан ок атылды", — деп айтылат маалыматта.

Жолду көзөмөлдөөчү камера. Архив - Sputnik Кыргызстан
Кыргызстан менен Тажикстандын чектеш жолдоруна жол чырак менен камералар коюлду
Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди бир аз тынчтандырышкан.

"Буга чейин эки өлкөнүн чектеш аймакта жайгашкан жергиликтүү жашоочулары менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлгөн. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатометтон ок чыгарган", — деп айтылат билдирмеде.

Учурда кыргыз-тажик мамлекеттик чек ара аймагындагы кырдаал оор деп мүнөздөлөт.

Жаңылыктар түрмөгү
0