Үч аскер жаракат алды. Кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу токтоду

© Sputnik / Андрей Станавов / Медиабанкка өтүүОоруканадагы капельница. Архив
Ооруканадагы капельница. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Чыр бүгүн, 8-майда, кыргыз тарап пайдаланып келген 50 сотых жерди талашуудан келип чыккан. Тургундар таш алып, ок атышкан. Кийинчерээк чек арачылар дагы ок чыгарышкан.

БИШКЕК, 8-май — Sputnik. Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосундагы ок атышуу токтоду. Анын кесепетинен үч жоокер жаракат алганын Мамлекеттик чек ара кызматы билдирди.

Эске сала кетсек, бүгүн, 8-майда, Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагындагы жергиликтүү жашоочулар Баткен районунун Чек айылында 50 сотых жерди талашып, жаңжалдаша кетишкен.

Анда тургундар бири-бирине таш ыргытып, мергенчилик куралдан ок чыгарышкан. Чек арадагы чыр-чатактын күчөп кетпеши үчүн эки өлкөнүн чек ара кезметтери эскертүү иретинде асманга ок атып, элди тынчтандырышкан. Бирок ошол эле учурда Тажикстандын чек арачылары күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларын жана Кыргызстандын жарандарын көздөй гранатомёттон ок чыгарган.

"Кыргыз-тажик чек арасындагы аскерлердин ортосундагы ок атышуу токтоду. Чыр-чатак тажик аскер кызматкерлеринин чагымчыл аракеттери менен коштолду. Күтүүсүздөн кыргыз чек арачыларына жана жарандарына гранатомёттон ок чыгарышкан. Атышуу учурунда Кыргызстандын Мамлекеттик чек ара кызматынын үч аскери ар кандай жаракат алып, учурда аларга тиешелүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат", — деп айтылат маалыматта.

Учурда чек ара аймагындагы кырдаалды турукташтыруу боюнча КРдин Баткен багыты жана Тажикстандын Исфара багыты боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп жатат.

Жаңылыктар түрмөгү
0