Бир үй-бүлөнүн өмүрүн алган киши 2,5 жылга кесилди. Соттук чечимдер

© Sputnik / Григорий Сысоев / Медиабанкка өтүүКиши наручник менен судтун камерасында отурат. Архив
Киши наручник менен судтун камерасында отурат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Акыркы айларда өлкөдөгү кырдаалга карабай фемида өкүлдөрү өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Апрелде соттор ондогон иштерди карап чыгып, тиешелүү өкүмдөрдү чыгарды.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги узап кеткен айдагы чуулуу соттук иштердин айрымдарын сунуштайт.

Бир үй-бүлө жок болгон кырсык

Талас облусунун 25 жаштагы тургуну өзүнүн Honda Torneo үлгүсүндөгү жеңил автоунаасы менен Бишкек — Ош жолунун 174-чакырымында баратып алдыдагы Mazda GX-7 машинасын артынан сүзгөн. Сүзүлгөн унаа каршы тилкеге чыгып оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Каргашанын кесепетинен Mazda автосунун айдоочусу, анын келинчеги жана жашы жете элек эки баласы окуя болгон жерден каза таап, тогуз жаштагы бир баласы оор абалда ооруканага жеткирилген. Тергөө маалында жаш айдоочу күнөөсүн толугу менен мойнуна алган. Төрт адамдын өмүрүн алган жигит 2,5 жылга темир тор артында калтырылды.

Соттолгон режиссер

Балта. Архив - Sputnik Кыргызстан
Балта менен коркутуп аялыма арак алдырайын дегем... Марттагы соттук өкүмдөр
Облустук телеканалдардын биринде башкы режиссер болуп иштеген айыпталуучу операторлордун камераларын той тартуу үчүн жеке тараптарга ижарага берип келген. Андан сырткары, мамлекеттик каналдын карамагындагы жабдууларды жок кылып, өлкө казынасына 750 миң сомдон ашык зыян келтиргендигин укук коргоо кызматкерлери таап чыккан. Сотто шектүү кылганын жарым-жартылай мойнуна алган. Фемида өкүлдөрү 30 жаштагы режиссерду бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Маркумду жер төлөгө...

Үч дос арак ичип отуруп уруша кетип, бири экинчисин мык суурган темир менен башка уруп жиберген. Жаракат алган эркек ошол жерден мүрт кеткен. Тергөөдө үйдүн ээси таяк жеген эркек эки күн үйдө кыйналып жатып өлүп калгандыгын, маркумдун сөөгүнөн кутулуу максатында аны жер төлөгө ыргытып салганын айткан. Сот аны 10 жылга кесип, 110 миң сом айып салды.

Жөө баскысы келбеген аракеч

Случаи нападения с ножом  - Sputnik Кыргызстан
Интернеттен жигит болуп таанышып, жолукканда кызды бычактаган аялга өкүм чыкты
Жалал-Абад шаарынын 33 жаштагы тургуну базарга келип арак ичип, жолдун боюнда ачкычы менен токтоп турган бирөөнүн жеңил автоунаасын айдап качкан. Аны Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын кызматкерлери токтотууга аракет кылган. Бирок эргул машинаны катуу айдап, рулду башкара албай жол кырсыгына кабылган. Сот жоопкерчилигинен качууга аракет кылып Россияга кетип бара жаткан жеринен укук коргоо кызматкерлеринин колуна түшкөн. Тергөө учурунда ал кылмышты үйгө жөө баргысы келбегендиктен жасагандыгын айткан. Фемида өкүлдөрү ага 260 миң сом айып салып, үй камагында калтырды.

Байбичесин катуу сагынган пенсионер

66 жаштагы пенсия курагындагы жаран өзүнүн мурдагы байбичесинин үйүнө мас барып алып ызы-чуу салган. Эшикти тепкилеп, терезени такылдатып коомдук тартипти бузган. Кечинде үй ээси аймактык милиционерди жардамга чакырган. Аракка тойгон айыпталуучу тартип сакчыны да көзгө илбей сөгүп, погонун жулуп салганга жетишкен. Сот пенсионерди бир жылга шарттуу эркинен ажыратты.

Жаңылыктар түрмөгү
0