Баткен облусунда жер титиреди

Жазылуу
Жер титирөө Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында сезилген.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Кечээ саат 16:26да Баткен облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Жер титирөө Кадамжай районунун Жаңы-Коргон айылында жана Айдаркен шаарында, Баткен районунун Сары-Талаа айылында 3 балл болуп сезилген.

Жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

Жаңылыктар түрмөгү
0