Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев. Архивдик сүрөт

Абылгазиев: башкача буруп жиберишкен. Милиция менен күч түзүмдөрү компенсация алат

221
(жаңыланган 22:34 12.05.2020)
Өкмөт башчы Абылгазиев анын "кээ бир милиционерлер кошумча акыдан баш тартууда" деген сөзү башка нукка бурулуп кеткенин айткан.

БИШКЕК, 12-май — Sputnik. Өзгөчө абал режими учурунда кызмат өтөгөн укук коргоо органдарынын жана тиешелүү күч түзүмдөрүнүн аскерлерине компенсация төлөнөт. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев ЖКнын укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү жана коррупцияга каршы аракеттенүү комитетинин отурумунда билдирди.

Ал депутаттардын суроолоруна жооп берип жатып буга чейин парламенттин жыйынында "кээ бир милиционерлер кошумча акыдан баш тартууда" деп айткан сөзү туура эмес нукка бурулуп кеткенин белгиледи.

"Тийиштүү мыйзам, өкмөттүн чечимдери бар жана биз аларды аткарабыз. Бул маселе боюнча көйгөй жок. Акча бар", — деди өкмөт башчы.

Ошондой эле Абылгазиев пенсия, айлык акы, жөлөк пул жана башка социалдык төлөмдөрдү берүү боюнча маселе жок экенин кошумчалады.

221
Белгилер:
төлөм, Күч түзүмдөрү, күч, өкмөт
Тема:
Коронавируска байланыштуу Кыргызстандагы кырдаал (2231)
Тема боюнча
COVID-19 менен күрөшкөн медиктер айлыгынан тышкары канча акча алышат? Түшүндүрмө
Вице-мэр: Бишкектин бюджетинде каражат жетишсиз, маяна кечигиши мүмкүн
Күйүп жаткан унаа. Архив

Жабыла чуркап сууруп чыгышты. Өрттөнгөн унаадагы кишилерди куткарган видео

56
Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралгандыктан айдоочу рулду башкара албай калган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Бишкек — Ош трассасында унаа капталына кулап, күйүп кетти. Жабыркагандар бар. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Ал эми жеринен тартылган видеону Instagram тиркемесиндеги Shtraf.kg баракчасы жарыялады.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Штраф KG🇰🇬🚔 (@shtraf__kg)

Кадрдан көрүнүп тургандай, кырсыктын күбөлөрү Honda Fit үлгүсүндөгү унаанын ичинен жүргүнчүлөрдү чыгарууга жардам беришкен. Унаанын ичинде үч чоң адам жана эки бала болгон.

Милициянын маалыматына караганда, кырсык кечээ күнү саат 14:00дөр чамасында, трассанын 117-чакырымында катталган. Алдын ала маалыматтар боюнча, унаанын тормоз системасында көйгөй жаралган. Натыйжада айдоочу рулду башкара албай калып, унаа капталына оодарылып, өрт чыккан.

Кырсыктын кесепетинен айдоочу менен жубайы жабыркап, ооруканага жеткирилгени айтылды.

56
Белгилер:
жол кырсык, трасса, Ош, Бишкек, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Оштогу автокырсыктан 10 киши жабыркады
Кишен.Архивдик сүрөт

Тендердин ишин өздөрү жасаган. Жалал-Абадда токой чарба башчысы кармалды

92
(жаңыланган 13:54 22.09.2020)
Финполдун билдиришинче, токой чарбасынын кызматкерлери тендерде көрсөтүлгөн иштерди өздөрү жасашкан. Жетекчи кызмат көрсөтө турчу ишканага берилген каражатты кайра которуп алган.

БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. 15-сентябрь күнү сотко чейинки өндүрүштүн жүрүшүндө Жалал-Абад облусундагы токой чарбасын жетектеген адамдардын бири кармалды. Бул тууралуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы (Финпол) кабарлады.

"Токой чарбасына жооптуу адамдар өрттү алдын алуу жана токойчулук иштерин жүргүзүү үчүн эки миллион сомго бааланган тендерлерди өткөргөндүгү аныкталды. Алардын жыйынтыгы менен "А" жана "А.А" ЖЧКлары жеңүүчү деп табылган", — деп айтылат маалыматта.

Кара-Суу райондук сотунун төрагасы пара алып жатып кармалды. Сүрөт

Бирок Финполдун билдирүүсү боюнча, иш жүзүндө тендерде көрсөтүлгөн жумуштарды токой чарбасынын кызматкерлери өздөрү жүргүзүшкөн.

"Акча ЖЧКлардын эсептерине которулгандан кийин токой чарбасынын директорунун көрсөтмөсү боюнча каражат кайра башкы бухгалтерге берилген", — деп айтылат маалыматта.

Учурда сотко чейинки өндүрүш боюнча тергөө иштери жүрүүдө. Иштин бардык жагдайлары изилденгенден кийин токой чарба директорунун, башкы бухгалтердин, ошондой эле ЖЧКнын жетекчилеринин аракеттерине юридикалык баа берилери айтылды.

92
Белгилер:
жетекчи, кармоо, каражат, тендер, Айлана-чөйрөнү коргоо жана токой чарбасы мамлекеттик агенттиги, финансы полициясы, Жалал-Абад
Тема боюнча
Финпол пандемия учурундагы шалаакылык боюнча беш кылмыш ишин иликтеп жатат