Алай районундагы Гүлчө айылы. Архив

Түндө Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду

251
(жаңыланган 09:26 14.05.2020)
Жер титирөө облустун бир катар аймактарында үч баллдан беш баллга чейин сезилген. Андан жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

БИШКЕК, 14-май — Sputnik. Бүгүн түндө Ош облусунун аймагында очогунда күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, силкинүү 03:09да катталган.

Алай районунун Нура, Иркештам айылдарында беш балл, Икизяк айылында төрт жарым балл, Көк-Суу айылында төрт балл, Кара-Киндик айылында үч баллга чейин сезилген.

Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.

251
Белгилер:
Алай району, жер титирөө, Ош
Тема боюнча
Баткен облусунда жер титиреди
Дары-дармек. Архивдик сүрөт

Ошто дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча иш козголду

159
(жаңыланган 21:44 12.08.2020)
Алдын ала маалымат боюнча, маркум өзү иштеген жайдагы дарыга ууланган. Ал ооруканага эс-учун билбей келген.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Ош шаарындагы дарыканада дарыга ууланып каза болду делген кыз боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсаттар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Окуя кечээ, 11-август күнү, Ош шаарындагы дарыканалардын биринде болгон. Облустук оорукананын башчысынын орун басары Кадырбек Бөрүбаев билдиргендей, дарыканада иштеген К.З. аттуу кыз эс-учун жоготуп, оор абалда облустук бириккен клиникалык ооруканасына саат 9:00дөр чамасында келип түшкөн.

Бирок өзүнө келбей саат 16:45терде каза болгон.

Бишкек — Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

Дарыгерлердин алдын ала койгон аныктамасына ылайык, маркум өзү иштеген жайдагы дарыга ууланган.

Кыздын өлүмү боюнча соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Аталган окуя Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 266-беренеси менен катталган.

Учурда иликтөө иштери жүрүп жатат.

159
Белгилер:
кылмыш иши, маркум, кыз, дары, дарыкана, Ош
Тема боюнча
Ноокаттагы көмүр шахтасында бир киши газга ууланып каза тапты
Бензовоздун жарылуусунун кесепети. Иллюстративдик сүрөт

Бишкек Ош жолунда эки бензовоз өрттөнүп, бир киши каза болду. Видео

384
(жаңыланган 19:10 12.08.2020)
Кырсыктын бири Чычкан капчыгайында болсо, экинчи автоунаа Ала-Белде оодарылып кетти. Жыйынтыгында бир киши көз жумду.

БИШКЕК, 12-авг. — Sputnik. Бүгүн Бишкек — Ош автожолунда эки бензовоз кырсыктап, өрттөнүп кетти. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматынан билдиришти.

Окуя болгон жерде тартылган видеолор "Короче" Тelegram-каналына жүктөлдү.

Биринчи окуя Токтогул районундагы Чычкан капчыгайында катталды. Бишкек — Ош унаа жолунун 239-чакырымында күйүүчү май ташыган оор жүк ташуучу унаанын прицеп-цистернасынан өрт чыккан.

"Өрттү өчүрүүгө саат 12:19да Токтогул райондук №97 Өрт-куткаруу кызматынан бир бөлүм тартылган. Бирок от куураган чөпкө өтүп кеткендигине байланыштуу кошумча 24 куткаруучу, Токой чарбачылыгынан тогуз кызматкер тартылган. Унаалардын өтүүсү жол инспекторлору тарабынан көзөмөлдөнүүдө", — дешти ӨКМден.

Экинчи кырсык Ала-Белде болгон. Саат канчада жана кандай жагдайда болгону такталып жатат. Азырынча өрттөнгөн автоунаанын ичинде бир адам каза болгону белгилүү.

384
Белгилер:
ӨКМ, автоунаа, өрт, Жалал-Абад, Кыргызстан
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Бишкекте кафеден өрт чыкты. Видео
Эс алам деп... Хакасиядагы жол кырсыгында кыргызстандык жигиттер каза болду
Эртең мененки тамак. Архивдик сүрөт

Эртең мененки тамактын курамында эмне болушу зарыл. Адистин кеңеши

0
(жаңыланган 09:22 13.08.2020)
Адистин айтымында, эгер белок жетиштүү көлөмдө болбосо углевод менен майдын нормасы ашып кетип, организмди ашкере зыянга учуратат.

БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. Эртең мененки тамактын курамында белок да, углевод да болгону жакшы. Бул тууралуу диетолог Юлия Чехонинанын айтканына таянуу менен РИА Новости жазды. 

Адистин пикирине караганда, нанүштө көндүм болгон бир эле эмес, ар кыл даамдан турганы оң.

Эт жегендер менен андан баш тарткандардын кимиси узак жашайт. Адистин аныктамасы

"Углеводдон адам күч-кубат алат, бирок белок да сөзсүз болушу керек. Белок жетишпесе организм углевод менен майга толот", — деди Чехонина.

Диетолог мындай көрүнүш адамдын семирип кетүүсүн шарттай турганын кошумчалады.

0
Белгилер:
диетолог, организм, белок, тамак
Тема боюнча
Окумуштуулар диабет илдетине чалдыккандарга пайдалуу тамактарды сунуштады
Окумуштуулар кеч тамактануунун зыян жактарын айтып беришти
Майлуу тамакты "жек көргөзгөн" азыктар. Окумуштуулардын аныктамасы