Киши наручник менен. Архив

Коркутам деп... Айылдашын айры менен сайып жиберген ишкер кесилип кетти

217
Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип аман калган, ал эми шектүү беш жылга эркинен ажыратылды.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун 45 жаштагы тургуну айылдашын айры менен ичке сайып сот жоопкерчилигине тартылды. Бул тууралуу Жогорку соттун расмий сайтында жарыяланды.

Өкүмгө ылайык, окуя Ысык-Көл облусундагы айылдардын биринде болгон. Анда жабырлануучу шериги менен айылдашыныкына кымыз ичкени келип, эс алуучу жайдын ээси менен уруша кетишкен. Мас болгондордун бирөөсүн кымызкананын ээси айры менен курсакка сайып жиберген.

Сот отурумунда шектүү адам өлтүрүүгө аракет кылбагандыгын айтып, айры кокусунан сайылып кеткендигин билдирген.

"Кымыз ичкени келгендердин арак ала келгенин көргөм. Бир маалда экөө мас болуп кардарларга тийишип баштаганда кетип калгыла дегем. Ошондо бирөөсү менен уруша кетип, аны бир жолу чаап жибергем. Ал жыгылып, бир аздан кийин туруп кетип калган. Жанындагы шериги мени бир муштап калууга жетишкен. Мен жыгылып, алым жетпей турганын билип, айры менен коркута баштагам. Кандай болуп кеткенин билбейм, бир маалда карасам айры сайылып калыптыр. Бул окуя этиятсыздыктан болду, кылган ишиме өкүнөм жана жеңил жаза берүүңүздү өтүнөм", — деп көрсөтмө берген.

Жабырлануучу райондук ооруканага жеткирилип аман калган.

Фемида өкүлдөрү 45 жаштагы шектүүнү беш жылга эркинен ажыратты.

217
Белгилер:
кылмыш, өкүм, сот, Кыргызстан
Тема боюнча
Облустук жана райондук бир нече судья кызматынан кетти
Сот видеобайланыш аркылуу өлүм жазасына тартуу өкүмүн чыгарды
Ысык-Көл. Архив

Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

116
Куткаруучулар сууга чөккөн кишинин сөөгүн 27-майда таап, дароо туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылында 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 27-майда куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, сууга чөгүп кеткен Каракол шаарынын тургуну достору менен көл жээкке эс алууга барган. Болжол менен 17:00дөр чамасында көлгө түшүп жатып суудан чыкпай калган.

116
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, Суу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Таласта сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгүн айылдаштары тапты
Тез жардам кызматы. Архив

Бишкекте кагышкан 6 автоунаа. Кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

220
(жаңыланган 21:10 27.05.2020)
Кырсыктаган бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрүндө катталган массалык жол кырсыгынан үч адам жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 27-майда болжол менен түшкү саат 13:00дө болуп, видеосу буга чейин интернетке жарыяланган. Күбөнүн айтымында, жети автоунаа сүзүшкөн.

Кайгуул милициясынын алдын ала берген маалыматына таянсак, Hyundai, Mitsubishi, Hyundai Sonata, Subaru Legacy, Honda Fit жана Stepwgn үлгүлөрүндөгү алты автоунаа кагышкан. Учурда бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда.

220
Белгилер:
автоунаа, жол кырсык, милиция, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош—Бишкек жолундагы автокырсык: каза тапкан айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон
Бишкек: жолдун кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Кырсык учурундагы видео
Уличный уборщик идет через закрытый театральный район Бродвея возле Таймс-сквер, после вспышки коронавируса (COVID-19) в Манхэттене, Нью-Йорк, США, 24 мая 2020 года.

Америкада депрессияга түшүп, тынчсыздангандар кескин көбөйдү

0
(жаңыланган 10:27 28.05.2020)
АКШнын Эл каттоо кызматы пандемиянын ар кайсы тармакка тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштады.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Америкада пандемия башталгандан бери депрессия менен тынчсызданууга кабылгандар кескин көбөйдү. Бул тууралуу Washington Post АКШнын Эл каттоо кызматынын изилдөөсүнө таянып жазды.

Бюро апрелдин аягында жумушка орношуу, финансы, билим берүү жана саламаттык сактоо чөйрөсүнө пандемиянын тийгизген таасирин баалоо үчүн жума сайын сурамжылоо жүргүзө баштаган. Акыркы сурамжылоо 7-майдан 12-майга чейин жүргүзүлүп, ага 42 миң респондент катышкан. Анда адамдардын психикалык абалын билүү үчүн төрт суроо берилген.

Басылманын маалыматы боюнча, иликтөөгө катышкандардын 24 пайызында олуттуу депрессиянын белгилери аныкталса, 30 пайызында тынчсыздануу байкалган. Мындай симптомдор көбүнчө жаштарда кездешкени айтылат. Ошондой эле эркектерге караганда аялдарда тынчсыздануу менен депрессия көп катталган.

Адистер пандемияга чейин бул көрсөткүч кыйла ылдый болгонун белгилешет. Маселен, 2014-жылы сурамжылоого катышкандардын 25 пайызы маанайы чөгүп жүргөнүн айткан. 2020-жылы бул статистика 50 пайызга өскөн. Анын 10 пайызы күн сайын маанайы жок экендигин билдиришкен.

АКШнын калкты каттоо бюросу үч ай ичинде жума сайын сурамжылоо өткөрүүнү ниеттенип жатат.

Америка COVID-19 инфекциясы аныкталган учурлардын саны боюнча дүйнөдө биринчи орунда турат. Ал жакта ооругандардын саны 1 миллион 600 миңден ашып, жүз миңден көп киши көз жумду.

0
Белгилер:
депрессия, пандемия, коронавирус, АКШ
Тема:
Кытайдагы жаңы типтеги коронавирус