Сейсмограф. Архивдик сүрөт

Жалал-Абадда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө болду

281
(жаңыланган 00:27 15.05.2020)
Кыргызстандын Сейсмология институту саат 22:16да Өзбекстанда очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Бүгүн түнкү 22:16да Жалал-Абад облусунун Ала-Бука, Чаткал райондорунда 4 баллдык жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМ Сейсмология институтуна таянып кабарлады.

Жердин силкинүүсү аталган эки райондун Баймак, Ызар, Достук, Ак-Коргон жана Чаткал районунун Сумсар айылдарында сезилген.

Ал 3 баллдык термелүү Ала-Бука районунун Ала-Бука, Сары-Талаа айылдарында, Чаткал районунун Терек-Сай, Кызыл-Токой, Аксы районунун Кербен, Мундуз, Сары-Кашка, Жаңы-Айыл, Ак-Таш айылдарында болгон.

Сейсмология институту саат 22:16да Өзбекстан Республикасынын аймагында очогунда күчү 5 баллга жеткен жер титирөө катталганын билдирди.

ӨКМ жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталбагандыгын кабарлады.

281
Белгилер:
жер титирөө, Жалал-Абад облусу, Өзбекстан, Кыргызстан
Тема боюнча
Түндө Ошто күчү беш баллга жеткен жер титирөө болду
Ысык-Көл. Архив

Достору менен эс алып жүргөн. Ысык-Көлдө 36 жаштагы киши сууга чөгүп кетти

116
Куткаруучулар сууга чөккөн кишинин сөөгүн 27-майда таап, дароо туугандарына өткөрүп беришкен.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Ысык-Көл облусунун Пристань-Пржевальск айылында 36 жаштагы киши сууга чөгүп каза болду. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ага ылайык, 27-майда куткаруучулар эркек кишинин сөөгүн суудан таап, туугандарына өткөрүп беришкен.

Укук коргоо органдарындагы өздүк булактар билдиргендей, сууга чөгүп кеткен Каракол шаарынын тургуну достору менен көл жээкке эс алууга барган. Болжол менен 17:00дөр чамасында көлгө түшүп жатып суудан чыкпай калган.

116
Белгилер:
ӨКМ, кырсык, Суу, Ысык-Көл
Тема боюнча
Таласта сууга агып кеткен 6 жашар баланын сөөгүн айылдаштары тапты
Тез жардам кызматы. Архив

Бишкекте кагышкан 6 автоунаа. Кырсыктан канча адам жабыркаганы айтылды

220
(жаңыланган 21:10 27.05.2020)
Кырсыктаган бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталып жатат.

БИШКЕК, 27-май — Sputnik. Борбор калаанын Токомбаев — Байтик баатыр көчөлөрүндө катталган массалык жол кырсыгынан үч адам жабыркаган. Бул тууралуу Кайгуул милициясынын маалымат кызматы кабарлады.

Билдирмеге ылайык, окуя 27-майда болжол менен түшкү саат 13:00дө болуп, видеосу буга чейин интернетке жарыяланган. Күбөнүн айтымында, жети автоунаа сүзүшкөн.

Кайгуул милициясынын алдын ала берген маалыматына таянсак, Hyundai, Mitsubishi, Hyundai Sonata, Subaru Legacy, Honda Fit жана Stepwgn үлгүлөрүндөгү алты автоунаа кагышкан. Учурда бардык транспорт каражаттары айып короого токтотулуп, кырсыктын себептери такталууда.

220
Белгилер:
автоунаа, жол кырсык, милиция, Бишкек
Тема:
2020-жылдын башынан бери Кыргызстанда болгон жол кырсыктар
Тема боюнча
Ош—Бишкек жолундагы автокырсык: каза тапкан айдоочу бир үйдүн жалгыз уулу болгон
Бишкек: жолдун кесилишинде жети автоунаа сүзүштү. Кырсык учурундагы видео
Коронавирусту жуктурган оорукананын кызматкери. Архив

12 кишинин абалы оор, алтоо реанимацияда. Дарыланып жаткандардын абалы

0
(жаңыланган 10:25 28.05.2020)
Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын саны 1594кө жетти.

БИШКЕК, 28-май — Sputnik. Өлкөдө коронавирустан дарыланып жаткан бейтаптардын ичинен 12 кишинин абалы оор. Бул тууралуу саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, ушу тапта коронавирус жуктуруп алган 512 бейтап ооруканада.

"Стационарда дарыланып жаткан бейтаптардан 12синин абалы оор. Ал эми жандандыруу бөлүмүндө алты киши жатат", — деди Үсөнбаев.

Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандардын саны кескин өсүп, бир суткада 74 адамдан вирус табылды. Муну менен жуктургандардын жалпы саны 1594кө жетти. Коронавирустан 1066 бейтап айыгып чыгып, тилекке каршы, 16 адам көз жумду.

11-майдан тарта айрым аймактардагы өзгөчө абал режими алынып, ал эми өлкө боюнча киргизилген өзгөчө кырдаалдын мөөнөтү узартылды. Бишкек, Ош шаарларында, Ат-Башы районунда жана Чаткал районунун Каныш-Кыя айыл аймагында карантин жарыяланды. Бул жергиликтүү бийликке кырдаалга жараша чектөөлөрдү киргизүүгө укук берет.

Өлкөдөгү абал тууралуу Sputnik Кыргызстан тексттик баяндама жүргүзүүдө.

Кабарларды ыкчам, ыңгайлуу шартта окуу үчүн Telegram каналыбызга баш багыңыз.

0
Белгилер:
коронавирус, ден соолук, бейтап, Кыргызстан
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар