Селдин кесепети. Архив

Суу кечип, куюнда калып, Нарын суусунун үстүнөн зым тарткан энергетиктер. Видео

539
(жаңыланган 13:16 15.05.2020)
Бийлик өкүлдөрү Нарын суусунун жээгинде жайгашкан анкердик зым тирөөчтү ордунан жылдыруу чечимин кабыл алган.

БИШКЕК, 15-май — Sputnik. Социалдык тармакта катуу шамалга карабай, суу кечип электр зымын тартып жаткан энергетиктердин видеосу жарыяланды.

Кадрдан куюн кумду асманга сапырып энергетиктерди ишин кыйындатып жатканын көрүүгө болот.

"Чыгыш электр" ишканасынын маалымат кызматы Ак-Талаа районунда Нарын дарыясынын үстүнөн аба чубалгысын өткөрүү иштери жүрүп жатканын билдирди. Буга Нарын суусу жээгинен чыгып жаткандыгы себеп болгон.

"Ыкчам чара көрүү максатында ӨКМ, жергиликтүү бийлик жана "Чыгыш электр" ишканасынын жетекчилиги тарабынан Нарын суусунун жээгинде жайгашкан анкердик зым тирөөчтү ордунан жылдыруу чечими кабыл алынган. Аталган иштер 9-майда башталып, аба чубалгысын суунун үстүнөн өткөзүү иштери уланууда", — деп айтылат маалыматта.

"Чыгыш электр" ишканасы жарыялаган дагы башка сүрөттөрдө кызматкерлер зымдарды тартып өтүү үчүн суу кечип жүрүшкөнүн көрүүгө болот.

539
Белгилер:
дарыя, Нарын, электр зымы, "Чыгышэлектро" ишканасы
Тема боюнча
Көкүрөгүнө жеткен карды жиреп жүргөн электриктер. Жалал-Абаддагы сүрөт
Ооруканада жаткан бейтап. Архивдик сүрөт

Бир күндө Кыргызстанда пневмониядан 44 адам каза болду

11
Ушуну менен март айынан бери өпкөнү сезгенткен оорудан каза болгондордун жалпы саны 268 адамга жетти.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Өлкө аймагында кечээтен бери 44 бейтап пневмония оорусунан улам каза тапты. Бул туурасында Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Анын ичинен 30 адам Бишкекте, 14 киши өлкөнүн башка аймактарында катталган. Ушун менен март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 268 адамга жетти.

Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

Өлкө аймагындагы соңку кабарлар менен биздин Telegram-каналдан таанышып туруңуз.

11
Белгилер:
Бишкек, оорукана, өлүм, Кыргызстан, кыргызстандыктар, пневмония
Тема:
Кыргызстандыктарды кыйнаган пневмония
Тема боюнча
Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды
Өлкөдө бир суткада 345 адам COVID жугузуп алганы аныкталды
Каза болгон бейтап. Архивдик сүрөт

Коронавирус бир суткада 13 адамдын өмүрүн алды

159
Коронавирус жуктуруп алып каза болгондордун саны 112ге жетти. Ал эми пневмониядан көз жумгандар өзүнчө эсептелүүдө.

БИШКЕК, 8-июл. — Sputnik. Кыргызстанда акыркы суткада коронавирус 13 адамдын өмүрүн алды. Бул тууралуу Коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова брифинг учурунда билдирди.

Ушуну менен коронавирус жуктуруп алып каза тапкандардын саны 112ге жетти.

159
Белгилер:
КР Саламаттык сактоо министрлиги, брифинг, бейтап, өлүм, Кыргызстан, коронавирус
Тема:
Кыргызстандагы коронавирус жуктуруп алгандар