Чаткалда таш кулап, кызматкерлер жолду тазалады. Сүрөт

© Фото / пресс-служба МЧСЖалал-Абал облусунун Чаткал районунда унаа жолго таш кулап, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп чыгышты
Жалал-Абал облусунун Чаткал районунда унаа жолго таш кулап, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп чыгышты - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Окуя болгон жерге таш жүктөй турган эки унаа тартылып, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Саат 21:00дө жол толугу менен ачылган.

БИШКЕК, 17-май. — Sputnik. Жалал-Абал облусунун Чаткал районунда унаа жолго таш кулап, куткаруучулар тазалоо иштерин жүргүзүп чыгышты. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы билдирди.

Ага ылайык, бүгүн, 17-майда, саат 16:30дар чамасында Ала-Бука — Жаңы-Базар — Киров унаа жолунун 21-чакырымында 1800 метр куб таш кулаган.

Жерине таш жүктөй турган эки унаа тартылып, тазалоо иштерин жүргүзгөн. Ал эми саат 21:00дө толук ачылган.

Жаңылыктар түрмөгү
0