Тосмого урунган автоунаа. Бишкектин чок ортосундагы жол кырсыгынын видеосу

© AFP / PHILIPP GUELLANDДорожный знак "Внимание" на автомобильной дороге
Дорожный знак Внимание на автомобильной дороге - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жерине Тез жардам кызматы келген, бирок жабырлануучулар олуттуу жаракаты болбогон соң ооруканага баруудан баш тартышкан.

БИШКЕК, 18-май — Sputnik. Бишкекте көчөлөрдүн кесилишинде сүзүшкөн автоунаалардын бири тосмого барып урунду.

Окуя болгон учур күбөнүн автосундагы видеокөзөмөлгө түшүп калган. Кадрлар "Короче" Telegram-каналына жүктөлдү.

Видеодо көрүнүп тургандай, Абдрахманов көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде автоунаа башка машина менен кагышат дагы, айдоочу рулду башкара албай, жол жээгиндеги тосмо менен жол чыракка барып урунат.

Бузулган унаа свалкада. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жеңил унаа жалпайып калган. Бишкек — Кара-Балта жолундагы кырсыктын видеосу
Ага жардамга күбөлөр жана өтүп бара жаткан кайгуул милициясы барат.

Бишкек шаардык кайгуул милиция кызматынын башкармалыгынан билдиришкендей, тосмого Honda Odissey үлгүсүндөгү авто барып урунган. Жол кырсыгынын экинчи катышуучусу Toyota Avensis автоунаасы. Жерине Тез жардам кызматы келген, бирок жабырлануучулар олуттуу жаракаты болбогон соң ооруканага баруудан баш тартышкан. Машиналар айып короого киргизилди.

Жаңылыктар түрмөгү
0