Ош: таксисттерди бычак менен коркутуп, акча талап кылды делген киши кармалды

© Sputnik / Жоомарт УраимовСлучаи поножовщины в КР
Случаи поножовщины в КР - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Милициянын билдиришинче, кармалган жарандын жүрүм-турумунда, сүйлөгөн сөзүндө шек жаралгандыктан психиатриялык экспертиза дайындалды.

ОШ, 20-май – Sputnik. Ош шаарында эки күн ичинде үч таксистти бычак менен коркутуп, акча талап кылды деп шектелген жаран кармалды. Бул тууралуу Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын маалымат катчысы Абсатар Тавакалов Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди.

Анын айтымында, 18-май күнү болжол менен 13:30 чамасында Ак-Буура милиция бөлүмүнө Ош шаарынын жашоочусу кайрылган.

"Ал калаадагы көчөлөрдүн биринде жүргүнчү ташып иштеп жүргөндө белгисиз жаран бычак менен коркутуп, оозго алгыс сөздөр менен сөгүп, качып кеткендигин билдирген. Ошол эле күнү милиция кызматкерлери изи сууй электе Ноокат районунун 22 жаштагы тургунун кармаган. Бул факты Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине "Бейбаштык" беренеси менен катталган. Тергөө аракеттери жүрүп, шектүү суракка алынган соң коё берилген", — деп билдирди маалымат катчы.

Милиция кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан
Ошто айдоочуну сөгүп, кагып-силккен милиционер иштен алынды
Бир күндөн кийин, 19-майда, кайрадан белгисиз жаран эки таксистти бычак менен коркуткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Шектүү таксисттердин бирөөсүнүн чөнтөгүндөгү акчасын, экинчисинин телефонун коркутуп тартып алып, качып кетүүгө үлгүргөн.

"Буга чейин кылмышка шектүү катары кармалып, сурактан кийин коё берилген жаран кайрадан колго түшүрүлүп, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Окуялар Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 201-берене ("Бөтөн адамдын мүлкүн ээлеп алуу") менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталды", — деди Тавакалов.

Кишинин жүрүм-турумунан, сүйлөгөн сөзүнөн шек жаралгандыктан психиатриялык экспертиза дайындалган.

Жаңылыктар түрмөгү
0